31
КЫРГЫЗ
• Түздөткүчтү иштеткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
• Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
• Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил
жалындап кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде
колдонбоңуз.
• Чачты түздөтүп бүткөндөн кийин гана лакты
колдонуңуз.
• Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар дайым
шайманды электр тармагынан суруңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
кармаңыз.
• Шаймандын корпусун, электр шнурун жана сайгычын
суу колуңуз менен тийбеңиз.
• Шайманды ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол
жерлерде сактабаңыз, шаймандын корпусун, электр
шнурун жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
• Ваннада киринген убакытта шайманды колдонбоңуз.
• Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот.
• Электр шнурдун жана сайгычтын бузулуулары бар
болсо шайманды колдонбоңуз.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуздар!
Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз!
Тумчуктуруунун коркунучу бар!
• Шайман иштеген учурда балдарга шаймандын
корпусун, электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
тийгенге уруксат бербеңиз.
• Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн балдарга
көз салыңыз.
• Шайман иштеп турган учурда жанында балдар же
жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар бар болгондо өзгөчө
абайлап туруңуз.
• Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
IM VT-8416_70x130.indd 31
09.01.2018 17:53:41