32
КЫРГЫЗ
– Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюп, толугу менен муздаганына убакыт
бериңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
– Тазалоонун алдында шайманды электр тармагынан
ажыратып, толугу менен муздаганына убакыт бериңиз.
– Шайманды, электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу салынат.
– Шайманды тазалоо үчүн абразивдүү жана жуучу
каражаттарды же эритүүчү суюктуктарды колдонууга
тыюу салынат.
– Шаймандын корпусун жумшак, бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
САКТОО
– Аспапты сактоо жерине алып салгандын алдында
аны толугу менен муздатып, тазалап алыңыз.
– Электр шнурун шаймандын корпусунун үстүнө эч качан
түрбөңүз, себеби бул анын бузулуусуна алып келиши
мүмкүн.
– Сактоо ыңгайлуулугу үчүн асуучу илмеги (8)
каралган, шайманды ага суу тийбей турган жерге ал
илгич аркылуу илип койсоңуз болот.
– Шайманды балдар жана жөндөмдүлүгү төмөн болгон
адамдардын колу жетпеген кургак салкын жерде
сактоо зарыл.
ЖЕТКИРИЛГЕН ТОПТОМУ
Электр кыпчуур – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 32 Вт
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ,
бассейн ж.у.с. жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
IM VT-8293_70x130.indd 32
08.02.2019 17:01:22