![Vitek VT-4200 Manual Instruction Download Page 28](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-4200/vt-4200_manual-instruction_1035993028.webp)
28
КЫРГЫЗ
–
Мультибышыргычты тегиз ысыкка чыдамдуу
беттин үстүнө, ашканадагы жылуулук булакта-
рынан (газ меши, электр меши же бышыруучу
панели катары) алыс жерде орнотуңуз.
–
Мультибышыргычты анын корпусу менен
дубалдын аралыгы 20 сантиметрден кем эмес
жана анын үстүндөгү бош жайы 30-40 санти-
метрден кем эмес болгондой орнотуңуз.
–
Чыгып турган буунун жогору температурасы-
нан бузула турган буюмдардын тикеден-тике
жакынчылыгында шайманды калрыбаңыз.
Көңүл буруңуз! Шайманды ванна, раковина жана
башка суу толтурулган идиштерин жанында
орнотпоңуз.
–
Баскычын (4) басып, капкагын (3) ачыңыз.
–
Болгон чечилме бөлүктөрүн – табагын (9),
бууга бышыруу табагын (10), чөмүчү (12) менен
өлчөмдүү чынысын (11) – жумшак сүлгү менен
нейтралдуу жуучу каражатка жууп, аккан суу-
нун астында чайкап, кургатып алыңыз.
–
Шаймандын корпусун (1) жумшак бир аз ным-
дуу чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып
сүртүңүз.
МУЛЬТИБЫШЫРГЫЧТЫ КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуз!
•
Иштеп турган шайманды эч качан кароо-
суз калтырбаңыз.
•
Мультибышыргычты биринчи кол-
донгондо, ысытуучу элементтен баш-
кача жыт чыгышы мүмкүн, бул табигый
көрүнүш.
•
Бышырып баштагандын алдында муль-
тибышыргычтын капкагы бекем жабыл-
ганын текшерип алыңыз.
•
Күйүк албас үчүн капкагын (3) ачканда
этият
болуңуз,
мультибышыргыч
иштөө процессинде буу чыгуучу тешик-
тердин (6) үстүнө эңкейбей, денеңиздин
ачык жактарын табактын (9) үстүнө
жайгаштырбаңыз!
•
Бышыруу процессинде тамактардын
даярдыгын текшерип, керек болсо азык-
тарды пластик чөмүчү (12) менен ара-
лаштырып туруңуз. Табактын (9) күйбөс
катмарын чийе турган металл заттарды
колдонбоңуз.
•
Пластик чөмүчүн (12) табактын ичинде
калтырбаңыз.
Азык-түлүктөрдү табагына (9) рецепттин талабына
ылайыктуу салыңыз (Рецепттер китебинкараңыз).
Эскертүү: Ингредиенттер менен суюктугунун
көлөмү максималдуу деңгээлдин «8» белгисинен
ашпай, минималдуу деңгээлинен төмөн «2» бол-
богонун байкап туруңуз.
Азыктар менен сууну салуунун жалпы
мисалы (мисал катары күргч алынган)
Өлчөмдүү чынысы (11) менен күрүчтү өлчөп алып
(бир өлчөмдүү чынынын ичине 160 граммга жакын
күрүч батат), күрүчтү жууп, табакка (9) салыңыз.
Күрүчтүн анык (чынысы менен өлчөгөн) көлөмүнө
керектүү суунун деңгээли табактын (9) ички бетин-
деги шкаласында көрсөтүлгөн.Сууну ылайыктуу
белгисине чейин куюңуз.
Мисалы: Төрт өлчөмдүү чыны данды салып,
сууну «4» белгисине чейин куюңуз. Суюк ботко-
лор үчүн күрүч менен сууну 1:3 пропорциясында
колдонууну сунуш кылабыз. Табагын (9) шай-
мандын иштөө камерасынын ичине орнотуңуз.
Табактын тышкы бети таза жана кургак болуп,
табактын өзү кыйшайбай туруп, ысытуу эле-
менттин бетин такай тийип турганын тек-
шерип алыңыз.
Эскертүү:
–
табакты (9) дан азыктарды жууш, ичинде
азыктарды кесүү үчүн колдонбоңуз, бул
күйбөс катмарын бузуу мүмкүн,
–
иштөө камерасы менен табактын (9)
түбүндө башкача буюмдары, кир же нымдуу-
лугу жок болгонун текшерип алыңыз,
–
колдонуунун алдында табактын (9) тышкы
бети менен түбүн кургак кылып сүртүңүз,
–
ысытуу элементинин ортосунда темпера-
туранын датчиги бар. Датчик бош кыймыл-
даганына эч нерсе тоскоолдук кылбаганын
байкап туруңүз.
–
тамакты бууга бышырсаңыз, табагына (9)
сууну кайнаган суу буу бышыруу үчүн таба-
гынына (10) тийбегендей кылып куюңуз.
Азык түлүктөрдү бууга бышыруучу таба-
гына (10) салып, аны табактын (9) үстүнө
орнотуңуз.
–
Капкагын (3) тырс эткенине чейин жабыңыз.
–
Электр шнурунун (8) учун уясына сайп,
кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
туташтырыңыз.
МУЛЬТИБЫШЫРГЫЧТЫН НЕГИЗГИ
ФУНКЦИЯЛАРЫ
Мультибышыргычты иштетүү (күтүү режими)
–
Мультибышыргычты электр тармагына туташ-
тыргандан кийин сиз кыска үн белгисин угасыз.
–
Баскычын (14) басып, мультибышыргычты
иштетиңиз, ошондо дисплейде (13) « - - - - »
белгилери пайда болот.
–
Шайман күтүү режимине которулуп, иштетүүгө
даяр.
Эскертүү: ар баскычын басуу кыска үн белгиси
менен өтөт.
Бышыруу программасын таңдоо жана
иштетүү
–
Күтүү режиминде бышыруу программа-
сын таңдоо үчүн (15) «МЕНЮ» баскычын
басыңыз.
–
Программалар төмөнкүдөй тартибинде
көрсөтүлөт: «Ботко», «Палоо», «Бууга бышы-
руу», «Кууруу», «Демдөө», «Кактап бышыруу»,
«Шорпо», «Күрүч», ошону менен бирге башка-
руу панелиндеги (2) бышыруу программалар-
дын индикаторлору ирети менен күйөт.