26
КЫРГЫЗ
МУЛЬТИБЫШЫРГЫЧ VT-4200
Мультибышыргычтын негизги дайиндоосу –
тамактарды бат жана сапаттуу даярдоо.
СЫПАТТАМА
1. Корпус
2. Башкаруу панели
3. Капкагы
4. Капкагын ачуу баскычы
5. Көтөрүп ташуу үчүн туткасы
6. Буу чыгуу үчүн тешиктери менен буу клапан
7. Конденсатты чогултуу идиши
8. Электр шнурун туташтыруу уясы
9. Табагы
10. Бууга бышыруу үчүн табагы
11. Өлчөмдүү чынысы
12. Чөмүч
Башкаруу панели
13. Дисплей менен иштөө режимдердин
индикаторлору
14. Иштетүү/өчүрүү/«Жылытуу» режимдин
баскычы
15. «МЕНЮ» баскычы
16. «-», «+» бышыруу мөөнөтүн таңдоо
баскычтары
17. «Стартты кийинкиге калтыруу» баскычы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашырба-
ган коргоп өчүрүүчү аспабын орнотуу максатка
ылайыктуу, аспапты орнотуу үчүн атайын ади-
ске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнуп, аны маа-
лымат катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын бузулу-
усуна, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө
зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Шайманды биринчи иштетүүнүн алдында
электр шнуру менен шаймандын корпусун-
дагы электр шнурдун уясынын бузулуулары
жок болгонун текшерип алыңыз. Электр шну-
рунун же шнурдун уясынын бузулуулары бар
болсо шайманды колдонбоңуз.
•
Шайманды иштеткендин алдында шаймандын
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты бар
розеткасына туташтырыңыз.
•
Шайманды электр розеткасына туташтыр-
ганда кошуучу түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Электр шнуру шаймандын корпусундагы уясы
менен электр розеткасына жакшы сайылып
турганын текшерип туруңуз.
•
Жабдыктын жыйынтыгына кирген электр
шнурун гана колдонуңуз, башка шаймандын
электр шнурун колдонбоңуз.
•
Жабдыктын жыйынтыгына кирген чечилүүчү
бөлүктөрүн гана колдонуңуз.
•
Шайманды тегиз ысыкка чыдамдуу беттин
үстүнө, нымдуулук, жылуулук менен ачык от
булактарынан алыс жерде орнотуңуз.
•
Шайманды электр розеткасы ар дайым
жетиштүү болгондой орнотуңуз.
•
Шайманды вентиляциясы жакшы болгон
жеринде колдонуңуз.
•
Шайманга тике күн нурларынын таасирин
тийгизбеңиз.
•
Шайманды дубал менен эмерек жактарынын
тикеден тике жакынчылыгында орнотпоңуз.
•
Электр шнуру ысык беттер жана эмеректин
учтуу кырларына тийгенине жол бербеңиз.
Электр шнурунун изоляциясы бузулганынан
абайлаңыз.
•
Электр шнуру менен кубаттуучу сайгычын суу
кол менен тийгенге тыюу салынат.
•
Шайманды, электр шнуру менен кубаттуучу
сайгычын сууга же башка ар кыл суюктуктарга
салбаңыз.
•
Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубат-
туучу сайгычты розеткадан суруңуз. Ошол мез-
гилде колуңузду эч качан сууга салбаңыз.
•
Шайманды кайрадан иштетүү боюнча автор-
доштурулган (ыйгарым укуктуу) борборуна
кайрылыңыз.
•
Шаймандын тешиктери жана бөлүктөрунүн
арасына башка ар кыл буюмдарды салбаңыз.
•
Кийимдин чекелери же башка буюмдар шай-
мандын капкагы менен корпусунун арасына
түшпөгөнүн байкап туруңуз.
•
Шайманды кароосуз калтырбаңыз. Шайманды
колдонбой турганда аны өчүрүп, электр тарма-
гынан ажыратыңыз.
•
Күйүк болбоо үчүн буу чыгуучу тешигинин үстүнө
эңкейбеңиз. Тамактарды бышырып турган мезги-
линде же жаңы бышыргандан кийин мультибышыр-
гычтын капкагын ачканда абдан этият болуңуз. Буу
таасиринен күйүк болуу коркунучу бар!
•
Шайман «Кууруу» режиминде иштеген учу-
рунда ысык май чачыраганынан күйүк болбоо
үчүн мультибышыргычтын табагынын үстүнө
эңкейбеңиз.
•
Шайман иштеп турган убагында «Кууруу»
режиминен башка учурларда шаймандын кап-
кагын ачык калтырбаңыз.
•
Мультибышыргыч иштеген убагында капка-
гынын бетин тийбеңиз, капкакты мультибы-
шыргычтын капкагын ачуу баскычын (4) басуу
аркылуу гана ачсаңыз болот.
•
Ысык буу таасиринен күйүк албас үчүн мульти-
бышыргычтын капкагын ачканда абдан этият
болуңуз.
•
Буу чыгуучу тешиги менен буу клапанды таза-
лыгында сактап, булганып калганда аларды
тазалап туруңуз.