28
КЫРГЫЗ
Миздердин кесүү чектеринин абалын колдо-
нуучу өзү байкап туруу зарыл, себеби миздер-
дин кесүү чектерин курчутуу (жылмайтуу)
кепилдик милдеттердин санына кирбейт.
–
Миздерди (6) колдонуудан кийин жана
аспапты чач кыркуу үчүн ар колдонуунун
алдында топтомуна кирген май (11) менен
майлоо зарыл. Ар колдонуунун алдында
миздерди чач, чаң жана башка жат
буюмдардан тазалоо зарыл.
–
Миздер сапсалгысын чечүү үчүн миздерин
өзүңүзгө каратып аспапты кармап, баш
бармагыңыз менен миздер сапсалгысынын
(6) үстү жагын басыңыз (сүрөт 1).
–
Миздердин кыймылдаган жана кыймыл-
сыз бөлүктөрү бир бирине тийип турган
жайларына майды (11) тамызыңыз.
–
Миздер сапсалгысын орнотуу үчүн
биринчиден анын асты жагын орнотуу
жайына коюп, андан соң миздер сапсал-
гысынын (6) өйдө жагын акырындык
менен басыңыз. Миздер сапсалгысы (1)
туура орнотулуп, бекитилгенин текшерип
алыңыз (сүрөт. 1).
–
Аспапты өчүргүчү (4) аркылуу иштетип,
майды сүрүлүп турган беттерге тараганы
үчүн аны чамалуу 30 секунданын ичинде
иштетиңиз. Аспапты өчүргүч (4) менен
өчүрүп, ашкан майды кургак чүпүрөк же
кагаз сүлгү менен сүртүп алыңыз.
Эскертүү:
–
Аспапты ар колдонуудан кийин жана ар
колдонуунун алдында миздер сапсал-
гысын (7) майлап туруңуз.
–
Топтомуна кирген майын (11) же ошондой
аспаптарга арналган майын гана
колдонуңуз.
–
Өсүмдүк майын же ичинде эриткичтери
бар майды колдонбоңуз. Эриткичтери
бууланып жок болуп, калган коюу май
кыркуучу сапсалгылардын кыймылдоо
ылдамдыгын азайтуу мүмкүн.
САПТАМАНЫ (8 же 9) ОРНОТУУ
•
Саптамаларын (8, 9) чечүү же орнотуунун
алдында өчүргүчтү (4) «ON» абалына
коюп шайманды өчүрүңүз.
•
Саптамадагы (8 же 9) чыгып турган
жайларын корпусундагы оюктар менен
дал келтирип, саптаманы (8 же 9)
бекитмеси тырс этип бекитилгенине чейин
басыңыз (сүр. 2).
•
Саптаманы (8 же 9) чечүү үчүн
саптаманын асты жагын басып, аны
аспаптын корпусунан чечиңиз (сүр. 2).
•
Саптаманын (8 же 9) абалы жөндөгүчтү
(3) саат жебесинин багыты боюнча/каршы
буроо аркылуу өзгөрүлөт, кыркылган чачтын
узундугун жөндөгүчтөгү (3) цифралуу
шкаласында карасаңыз болот (сүр. 3).
ЧАЧТАРАМДЫ ЖАСАЛОО ЖӨНҮНДӨГҮ
КОЛДОНМО
•
Аспап менен кыркканда чач кургак болуу
зарыл.
•
Чач кыркуунун алдында өчүргүчтү (4)
«OFF» абалына которуп аспапты иштетип,
ал туруктуу иштегенин жана миздери жай-
салмак менен кыймылдаганын текшерип
алыңыз. Миздеринде (7) майлагыч майы көп
болсо, өчүргүчтү (4) «ON» абалына которуп
аспапты токтотуңуз да кургак чүпүрөк менен
ашкан майды алып салыңыз.
•
Адамды башы сиздин көзүгүздүн деңгээ-
линде болгондой отургузуп, ийиндерин
сүлгү менен жабып, чачын тарак менен
тарап алыңыз.
Эскертүү
–
Бир жолу кыркканда азыраак чачты
кыркыңыз – керек болсо кыргылган жерине
кайрадан кыркуу үчүн кайтсаңыз болот.
–
Суу чачка караганда кургак чачты
кырксаңыз эң жакшы натыйжа аласыз.
–
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн
аны тарак менен тарап туруңуз.
–
Биринчи жолу кыркканда, чачты узунураак
кыркуу ыңгайлуу болот.
–
Аспапты иштетип уйрөнүүдөн улам сиз
керектүү чачтарамдарды өз алдынча
жасасаңыз болот.
Биринчи кадам
Саптаманы (8 же 9) жөндөгүч (3) менен калган
чачтын керектүү узундугун жөндөгүчтөгү (3)
цифралуу шкаласына карап орнотуңуз. Өчүргүчтү
(4) «OFF» абалына коюп, аспапты иштетиңиз.
Аспапты миздерин өйдө каратып кармаңыз.
Чачты өсүп баштаган жеринен кыркып баштаңыз.
Аспапты өйдө тарапка жай жылдырып туруңуз.
Баштын арты жагындагы жана кулактардын
жанындагы болгон чачты кыркып алыңыз.
Экинчи кадам
Өчүргүчүн (4) «ON» абалына коюп аспапты
өчүрүңүз, узунураак чачты кыркуу үчүн
VT-2588.indd 28
12/18/19 4:55 PM