33
КЫРГЫЗ
«ON» абалына коюп, аспыпты иштетиңиз.
Аспапты миздерин өйдө каратып
кармаңыз. Баштын төмөн жагынан чач
кыркып баштаңыз. Аспапты өйдө тарапка
жай жылдырып туруңуз. Баштын арты
жагындагы жана кулактардын жанындагы
болгон чачты кыркып алыңыз (3, 4, 5-сүр.).
2-кадам
Аспапты өчүрүңүз, саптаманы (6) «7»-«10»
абалына орнотуңуз, аспапты иштетиңиз
жана чачты төбөгө жакын кыркууну
улантыңыз (6-сүр.).
3-кадам — чыкый жактагы чачты
кыркуу
Аспапты өчүрүп, универсалдуу саптаманы
«3» же «6» абалына орнотуп, чыкыйдагы
чачты кыркыңыз. Андан соң аны «7»-«10»
абалына орнотуп, чачты төбө тарабына
кыркууну улантыңыз.
4-кадам — төбө жагындагы чачты
кыркуу
Универсалдык саптамаларды (6 же 7)
менен баштын төбөсүнөн чоку жагына чач
өсүүнүн тарабына каршы чачты кыркыңыз.
•
Чачты өскөн багытына каршы да, өскөн
багыты боюнча да кырксаңыз болот,
бирок өскөн багытына каршы кыркылган
чач өскөн багыты боюнча кыркылган
чачтан кыска болоорун эске тутуңуз.
•
Унивесалдык саптаманын (6) «3» же
«6» абалына өтө кыска чачтарамга
колдонуңуз. Чачты узунураак кылып
калтыруу үчүн саптаманын (6) «7-ден
10-го чейин» абалдарын колдонуңуз.
•
Универсалдык саптаманын (7) «11» –
«20» абалдарын узун чач үчүн
колдонуңуз.
•
Чачты узунураак кылып кыркуу үчүн чач
тутамдарын бармагыңыздын арасында
кармап аспап менен кыркыңыз (7-сүр.).
•
Таракты (11) колдонсоңуз болот: чачты
өйдө көтөруп, тарактын (11) үстүнөн
аспап менен чачты кыркыңыз (8-сүр.).
•
Кыркууну ар дайым баштын арты
тарабынан баштап туруңуз.
•
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн
аны тарак (11) менен тарап туруңуз.
•
Чачты тегиздетүү үчүн кайчыны (12)
колдонуңуз.
5-кадам — кыркууну бүтүрүү
Чач кыркууну бүтүргөндө универсалдык
саптамасын (6 же 7) алып салыңыз,
аспаптын миздерин чач жагына каратып,
моюндагы жана чыкыйдагы чачты акырын
тегиздетип алыңыз (9-сүр). Аспапты күч
менен баспаңыз, ачык миздери териге
тийгенде кесилүү же жаракат пайда болуу
мүмкүн.
Конус түрүндөгү чачтарам
Универсалдык (6 же 7) саптамасын
орнотуңуз жана керек болгон кыркылуучу
чачтын узундугун тандаңыз. Чачты баштын
арты жагынан төбөсү тарабына кыркып
баштаңыз.
Чачты баштын бет жагынан төбө тарабына
жана чет жагынан чачты өсүү багытына
каршы кыркып алыңыз (10-сүр.). Төбөсү
жалпак чачтарамды жасоо үчүн таракты
(11) колдонуңуз: чачты өйдө көтөрүп,
тарактын (11) үстүнөн кыркыңыз. Тегиз
эмес кыркылган чачты табуу үчүн аны
тарак (11) менен тарап туруңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
–
Колдонуудан кийин аспапты өчүрүңүз.
–
Аспаптын корпусун бир аз нымдуу
жумушак чүпүрөк менен сүртүп, андан
кийин кургатып сүртүңүз.
–
Аспапты, миздер сапсалгысын жана
тармактык адаптерди сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат.
IM VT-2584.indd 33
12.03.2019 17:37:23