36
КЫРГЫЗ
ЧАЧТАРАМДЫ ЖАСОО ЖӨНҮНДӨГҮ КОЛДОНМО
–
Чач кыркуунун алдында өчүргүчтү (2) «ON»
абалына которуп аспапты иштетип, ал туруктуу
иштегенин жана миздери жай-салмак менен
кыймылдаганын текшерип алыңыз.
–
Миздеринде майлагыч майы көп болсо, өчүргүчтү
(2) «OFF» абалына которуп аспапты токтотуңуз да
кургак чүпүрөк менен ашкан майды алып салыңыз.
–
Чач кыркуу убагында универсалдуу саптаманын
(3) керектүү абалын колдонуңуз. Саптаманын (3)
абалына карата калган чачтын узундугу 1ммден 13
ммге чейин өзгөрөт.
–
Кыркып жаткан убакта чач таза жана кургак
болуусу зарыл. Суу чачка караганда кургак чачты
кырксаңыз, жакшы натыйжаларды аласыз.
–
Адамды башы сиздин көзүңүздүн деңгээлинде
болгондой отургузуп, ийиндерин сүлгү менен
жабып, чачын тарак менен тарап алыңыз.
–
Кыркууну ар дайым баштын арты тарабынан
баштап туруңуз.
–
Чачты өскөн багытына каршы да, өскөн багыты
боюнча да кырксаңыз болот, бирок өскөн багытына
каршы кыркылган чач өскөн багыты боюнча
кыркылган чачтан кыска болоорун эске тутуңуз.
–
Чачты узунураак кылып кыркуу үчүн чач тутамдарын
бармагыңыздын арасында кармап аспап менен
кыркыңыз.
–
Бир кыркканда азыраак чачты кыркыңыз, зарыл
болсо, кыркылган жерге кайтсаңыз болот.
–
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн аны тарак
менен тарап туруңуз.
–
Сиз чач тутамдарын тарак менен көтөрүп, аны
тарактын үстүнөн кырксаңыз болот.
–
Чачты кайчы менен текшилетиңиз.
–
Бир нече убакыттан кийин сиз керектүү
чачтарамдарды өзүңүз жасоого үйрөнөсүз.
ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
–
Өчүргүчтү (2) «OFF» абалына коюп, аспапты
өчүрүңүз.
IM VT-2513.indd 36
10.07.2018 14:27:17