34
КЫРГЫЗ
–
Корпусун нымдуу чүпүрөк менен сүртсө болот, андан
кийин кургатып сүртүү зарыл.
–
Аба алгычтын панжарасын (3) щетканын жардамы
менен тазалап алыңыз.
–
Шайманды сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу
салынат.
–
Корпусту тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражат-
тарды же эритүүчү суюктуктарды колдонууга тыюу
салынат.
САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
–
Фенди колдонбогон учурларда кубаттуучу сайгычты
электр розеткадан чыгарышы зарыл.
–
Фенди муздатып, балдардын колу жетпеген кургак
салкын жерде сактоо зарыл.
–
Электр шнурун корпустун үстүнө эч качан түрбөңүз,
себеби ал шнурдун бузулуусуна алып келгени
мүмкүн. Электр шнурун абайлап колдонуңуз, аны
өзгөчө шнур корпустун ичине кирген жакта жана
кубаттуучу сайгычка жакын жерде кату тартууга,
бурууга же чоюуга тыюу салынат. Эгерде колдонгон
учурда шнур өтө буралып турса, мезгил-мезгили
менен аны түздөтүп туруңуз.
–
Шайманды ыңгайлуу сактоо үчүн ал илмекче (5)
менен жабдылган, ошол илмекченин жардамы менен
фенди ага суу тийбеген жерге илип койсоңуз болот,
фендин өлчөмдөрүн азайтуу үчүн туткасын (4)
бүксөңүз болот.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Фен – 1 даана.
Концентратор насадкасы – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50/60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 1200 Вт
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ,
бассейн ж.у.с. жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
IM VT-1306.indd 34
4/2/20 9:28 AM