- Кыргызча 180 -
Айлана-чөйрө тууралуу маалымат
Бардык керексиз таңгактар алынып салынган. Биз таңгакты эки
материалга оңой бөлүүгө аракет кылдык: картон (куту жана
полиэтилен (баштыктар, коргоочу пенопласт).
Сиздин система атайын компания тарабынан кайра иштетилип
жана кайра колдонула турчу материалдардан турат. Таңгактоочу
материалдарды, жарабай калган батареяларды жана эски
жабдууларды таштандыга ыргытуу боюнча жергиликтүү эрежелерди
сактаңыз.
Киргизилген батареяны чыгаруу
Эскертүү: Кайра кубаттоого боло турган батареяны
професссионалдык түрдө чыгарууну сунуштайбыз.
Кайра кубатоого боло турган батареяны шайманды таштандыга
ыргытканда гана чыгарыңыз. Батареяны чыгарып жатканда ал толук
бош экенин текшериңиз. Ата-эне блогунда гана батарея бар.
Жол-жобосу:
1
Ата-эне блогунун түбүндөгү 2 резина койгучун чыгарыңыз.
2
Ата-эне блогунун түбүндө көрүнүп турган 2 бурама мыкты
чыгарыңыз.
3
Антеннаны өйдө каратып коюп, корпустун артындагы көрүнүп
турган бурама мыкты чыгарыңыз.
4
Арткы корпус менен алдыңкы корпустун ортосун бурамаларды
ачуучу аспап менен түртүп, чыгарыңыз. 2020-жылдын августунан*
кийин чыгарылган жаңыраак версиялар үчүн, паспорттук
көрнөкчөнүн алдында дагы эки кошумча бурама бар. Паспорттук
көрнөкчөнү айрып, бурамаларды чыгарып, баскычты бошотуп,
батарея салынган бөлүктүн эшигин ачыңыз.
5
Батарея туташтыруучу кабелин ажыратыңыз (кара-ак-кызыл
кабель).
6
Батарея кармагычынан 4 бурама мыкты чыгарыңыз. 2020-жылдын
августунан кийин чыгарылган жаңы версияларда бурама мыктар
жок.
7
Батареяны чыгарыңыз.
*Өнүмдүн чыгарылган күнү DDMMYY баскычтын алдында, 2 резина
койгучтун үстүндө жайгашкан.
Эгер сиздин өлкөдө электроникалык өнүмдөрдү чогултуу/кайра
иштетүү системасы жок болсо, өнүмдү таштандыга ыргытуудан мурун,
батареяларын алып чыгып, кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөнү
коргой аласыз.
Батареяны чыгарардан мурун, өнүм кубатоо түзмөгүнөн
ажыратылганын текшериңиз.
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе,
www.philips.com/support
сайтына өтүңүз же эл аралык кепилдик баракчасын окуңуз.
Summary of Contents for AVENT SCD831
Page 1: ...SCD831 SCD833 SCD835 ...
Page 4: ... English 2 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 34: ... Azərbaycan 32 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 64: ... Հայերեն 62 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 97: ... ქართული 95 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 130: ... Қазақша 128 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 161: ... Кыргызча 159 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 192: ... Русский 190 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 225: ... Тоҷикӣ 223 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 257: ... Türkmençe 255 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 287: ... O zbek 285 1 16 2 3 4 5 13 14 12 11 6 9 10 8 7 17 18 22 20 19 21 23 25 24 15 ...
Page 316: ... 2022 Koninklijke Philips N V All rights reserved 05 05 2022 ...