![background image](http://html.mh-extra.com/html/maxwell/mw-3300/mw-3300_manual-instruction_1746543012.webp)
12
КЫРГЫЗ
АВТОМОБИЛДИК ЧАҢ СОРГУЧ
MW-3300
Шайман автомобилдин салонун жыйноо үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Щетка
2. Жылчык саптама
3. Корпус
4. Тутка
5. Иштетүү/өчүрүү баскычы
6. Чаң топтогуч контейнер
7. Чыпканын кармагычы
8. Жуулуучу чыпка
9. Чаң топтогучтун бекитмеси
10. Мотордун чыпкасы
11. Электр шнуру
12. Автомобильдик азыктандыруу адаптери
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Түзмөктү пайдалануудан мурун колдонмону көңүл коюп
окуп-үйрөнүп, маалымат катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз. Түзмөктү туура
эмес пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга же
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
• Чаң соргучту дайындоосу боюнча гана колдонуңуз.
• Иштеп турган шайманды кароосуз калтырбаңыз.
• Иштетүүнүн тыныгууларында жана түзмөктү
колдонбосоңуз аны өчүрүп туруңуз.
• Элекр шнурун ысык беттердин жанында же ачык
оттун жанында жайгашпаңыз.
• Чаң соргучту, электр шнурун сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат.
• Балдардын коопсуздугу үчүн, таңгак катары пайдала-
нылуучу баштыктарын көзөмөлсүз калтырбагыла.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен баштыктары
же таңгактоочу пленка менен ойноого уруксат
бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!
• Бул шайман балдар колдонууга арналган эмес.
• Шайман иштеп турган учурунда же иштөө
циклдердин арасында аны балдардын колу жетпеген
жеринде орнотуңуз.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан
жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичинде балдар да)
адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы же билими
жок болгон адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же нускамалоо
болбосо колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
• Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга жол
бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө кызмат
же аларга окшогон дасыккан кызматкерлер
алмаштырууга тийиш.
• Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл бузулуулар
пайда болгон же шайман кулап түшкөн учурларда
аны розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.maxwell-products.ru сайтындагы тизмесине
кирген автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
• Түзмөктү заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
• Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОН ГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ
КОММЕР ЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА
ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
• Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл салгычтардын
тикеден-тик жакынчылыгында жана тез жалындап
кетүүчү суюктуктар сакталган жеринде чаң соргучу
иштетпеңиз.
• Шайманды колдонуудан мурун анын бузулусуна
жол бербөө үчүн жерден учтуу нерселерди алып
салыңыз.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды тран
спорт тоодон же сактоодон кийин аны үч сааттан
кем эмес мөөнөткө үй температурасында сактоо
зарыл.
Автомобильдин ички электр тармагына кошуу
Автомобилдик адаптердин (12) сайгычын автомобилдин
чылым тутандыргычтын уясына сайыңыз (сүр. 1).
ЧАҢ СОРГУЧТУ КУРАШТЫРУУ
Жылчык саптама (2) менен щетканы (1) орнотуу
жана ажыратуу
Щетканы (1) же жылчык саптаманы (2) чаң соргучтун
аба соргуч тешигине токтогонуна чейин киргизиңиз
(сүр. 3). Зарыл болсо, щетканы (1) жылчык саптамага
(2) орнотсоңуз болот. Щетканы же жылчык саптамасын
чечүү зарыл болсо, аны жөн эле өзүңүзгө тартыңыз.
Чаң топтогуч контейнерди (6) орнотуу жана чечүү
– Чаң топтогуч контейнерди (6) чечүү үчүн чаң
соргучтун корпуундагы (3) бекитмени (9) басып, чаң
топтогуч контейнерди (6) өзүңүзгө тартып чечиңиз
(сүр. 4).
– Чаң топтогуч контейнерди (6) ордуна орнотуу үчүн
чаң топтогучту (6) корпуска (3) токтогонуна чейин
киргизип, бекитмени (9) басып аны бекитип алыңыз
(сүр. 6).
Чыпканы (8) орнотуу
Чыпканы (8) карматкычына (7) салыңыз. Кармагычты (7)
чаң топтогуч контейнерие (6) салыңыз. Жогорку бөлүктө
жазылгандай контейнерди (6) ордна орнотуңуз.
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Чаң соргучту орнотулган
чаң топтогуч контейнери (6) жана анын ичинде
орнотулган чыпкасы (8) менен гана иштетсеңиз
болот. Чаң соргучту иштетүүнүн алдында милдеттүү
түрдө чыпкасы (8) чаң топтогуч контейнеринде (6)
туура орнотулганын текшериңиз.
– Чаң соргучту иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү баскычын
(5) басыңыз.
– Автомобиль салонун жыйнап бүткөндөн кийин
иштетүү/өчүрүү баскычын (5) басыңыз.