
19
КЫРГЫЗ
• Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды
заводдук таңгагында транспорттоо зарыл
• Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ ТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ
КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ
ЗОНА ЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА
ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Шайманды
төмөндөгөн
температура-
сында транспорттоодон же сактоодон кийин
аны бөлмө температурасында үч сааттан кем
эмес сактоо зарыл.
–
Шайманды таңгактан чыгарып, анын иштөөсүнө
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
–
Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо аны колдонбоңуз.
–
Шаймандын иштөө чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
–
Насадкаларын (4, 5) нейтралду жуучу каражат
менен жылуу сууга жууп, чайкап, кургатып
алыңыз.
–
Миксердин корпусун (3) жумшак бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
НАСАДКАЛАР
Чалуу/аралаштыруу үчүн насадка венчиктери (4
)
Венчик насадкаларын (4) каймакты, жумуртка агын
чалуу, бисквит камырын, пудинг, коктейль, крем,
майонез, пюре, соустарды жасоо үчүн колдонуңуз.
Камыр жууруу үчүн насадкалары (
5)
«Оор» камырды жууруу же фаршты аралаш тыруу
үчүн колоднуңуз.
Эскертүү: – Чалуу үчүн венчиги (4) менен камыр
жууруу үчүн насадкасын (5) чогу иштетүүгө тыюу
салынат.
ТҮЗМӨКТҮ БАШКАРУУ
–
Насадкаларын чечүү «
EJECT
» (1) баскычы (4)
же (5) насадкаларын ажыратуу үчүн колдонулат.
–
Иштөө режимдеринин которгучу (2) аркылуу сиз
насадкалардын керектүү айлануу ылдамдыгын
«
1, 2, 3, 4, 5
» таңдасаңыз болот.
ШАЙМАНДЫ КОЛДОНУУ
• Кубаттуучу сайгычы электр розеткасына
туташтырылбаганын, иштөө режимдеринин
которгучу (2) «
0
» абалында болгонун текшерип
алыңыз.
• Венчик саптамаларын (4) же камыр жууруу
үчүн саптамаларын (5) миксердин ылайыктуу
уяларына (3) сайып, алар туура абалында
бекитилгенине чейин бир аз бураңыз.
• Саптамаларды ингредиенттердин аралашмасына
салыңыз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
• Иштөө режимдеринин которгучу (2) аркылуу
миксерди иштетип насадкалардын керектүү
айлануу ылдамдыгын «
1, 2, 3, 4, 5
» таңдасаңыз
болот.
• Керектүү консистенциясына жеткенде, иштөө
режимдердин которгучун (2) «
0
» абалына коюп,
саптамалары токтогонун күтүп, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан ажыратыңыз.
• Орнотулган насадкаларын (4 же 5) чечүү үчүн
баскычын (1) басыңыз.
Көңүл буруңуз!
–
Шайман иштеп турганда насадкаларын чечүү
үчүн баскычын (1) баспаңыз.
–
Камыр жууру үчүн саптамаларын (5) орноткондо
чоң шайбасы бар саптаманы оң уясына, кичирээк
шайбасы бар саптаманы сол уясына орнотууну
эсиңизге тутуңуз. Бул ингредиеннтер идиш/
чукурдун ичинен чачырап төгүлбөгөнү үчүн
зарыл.
Эскертүү:
–
Чалуу ылдамдыгын ингредиенттердин түрүнө
карата орнотуңуз. Ар дайым төмөн ылдамдыгы
менен иштетип баштап, аны аз-аздан
жогорулатып туруңуз. Чалуудан улам аралашма
коюу же бирдей болгондон соң жогоруураак
ылдамдыкты коюп, кубатты жогорулатыңыз.
–
Токтоосуз иштегендин максималдуу мөөнөтү
10 минутадан ашпоо зарыл, 10 минутадан
кем эмес мөөнөттөн кийин гана кайра
иштетиңиз.
–
Түзмөк имараттагы температурасына чейин
муздатыңыз.
–
Шаймандын корпусундагы аба тешиктерин
жаппаңыз, бул мотордун өтө ысып кетишине
алып келүү мүмкүн.
ОПТИМАЛДУУ ИШТӨӨ РЕЖИМДЕРИН ТАҢДОО БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР
Миксердин 5 ылдамдык режими бар
«1, 2, 3, 4, 5»
.
Ылдамдыкты таңдоо жөнүндөгү кеңештер
Ылдамдык
Сыпаттама
1
Кургак ингредиенттерди аралаштыруу үчүн оптималдык баштоо ылдамдыгы.
2
Суюк ингредиенттерди, салаттар үчүн аралашмаларды аралаштырүү үчүн оптималдуу
баштоо ылдамдыгы.
3
Торт, печенье, нан үчүн камырды жууруу үчүн оптималдуу ылдамдыгы.
4
Каймак май менен шекерди чалуу, десерттерди ж.у.с. жасоо үчүн оптималдуу ылдамдыгы.
5
Жумуртканы чалуу, глазурду, чалынган каймакты, коктейлдерди, картөшкө пюрени ж.у.с.
жасоо үчүн оптималдуу ылдамдыгы.
Summary of Contents for MW-1352
Page 1: ...Миксер MW 1352 21 18 14 10 7 3 ...
Page 2: ...1 2 3 4 5 ...