697129.001
34
КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР
эрежелерине ылайык ташуу керек. Ташуу шарттары: айланадагы абанын
температурасы -50 дөн +50 °С ка чейин жана +25 °С температурада абанын
салыштырма нымдуулугу 80% дан көп эмес.
·
Ташуу учурунда урунуулар жана муздаткычтын траспорт ичинде жылып жүрүшү
жокко чыгарылышы керек.
·
Пайдаланууга берилерден мурун муздаткыч өндүрүүчүнүн таңгагында абанын
салыштырма нымдуулугу 80% дан көп эмес болгон табигый аба алмашуусу бар
жабык жерлерде сакталууга тийиш.
1
Өндүрүүчү компрессорго, приборго жана анын электрдик компоненттеррине
муздаткычты керектөөчүгө өткөрүп берген учурдан тартып 1 жыл кепилдик
мөөнөт белгилейт. Өткөрүлүп берилген күнү деп чекене соода тармагы аркылуу
сатуу күнү эсептелинет. "Сатуу жөнүндө күбөлүк" талонунда дүкөндүн мөөрү
жана сатуу датасы жок болгон же оңдолуп жазылган учурда кепилдик мөөнөтү
муздаткыч чыгарылган күндөн тартып эсептелет.
2
Жарык берүү лампалары, айнек текче, комплектке кирүүчү пластмассадан
жасалган өндүрүмдөр, эшиктердин тыгыздагычтары жана пластмассадан
жасалган кармагычтар Кепилдикке кирбейт.
3
Өндүрүүчү нускамада келтирилген муздаткычты орнотуу, пайдалануу,
үзгүлтүксүз тазалоо жана мезгилдүү тейлөө эрежелерин бузгандан улам келип
чыккан бузулууларга жооп бербейт. Кепилдик алкагында оңдоо боюнча
керектөөчүнүн талаптарын аткаруудан баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу
мүмкүн:
- муздаткычты тейлөө кызматтарынын тизмегине кирбеген адамдар аркылуу
оңдоо;
-
муздаткычты кыймылдоочу транспорттун бардык түрлөрүндө пайдалануу;
-
муздаткычтын жана анын бөлүктөрүнүн механикалык, химиялык жана ысыктан
улам болгон бузулуулары;
-
экстремалдык шарттар же күч жетпес тоскоолдуктардан улам келип чыккан
(өрт, табигый кырсыктар ж.б.), ошондой эле жаныбарлар, курт-кумурскалар же
кемиргичтер тарабынан келтирилген бузулуулар
.
-
өндүрүмдүн өзүндө жана "Кабыл алуу жөнүндө күбөлүк" талонунда
муздаткычтын сериялык номери, өндүрүмдүн чыгарылган күнү жана
муздаткычтын модели көрсөтүлбөгөн учурда;
-
электр энергиясы менен камсыз кылуу тармактарына туура эмес кошууда,
ошондой эле жогоруда айтылган тармактардын параметрлери мамлекеттик
стандарттар боюнча жана бул нуск амада милдеттүү деп табылган
параметрлерге ылайык келбеген учурда;
4
Өндүрүүчү нускаманын эрежелерин бузуудан, айрыкча электр энергиясы менен
камсыз кылуу тармактарына туура эмес кошуудан жана айтылган тармактардын
параметрлерин жөнү жок өзгөртүүдөн, туура эмес пайдалануудан, уруксатсыз
оңдоодон, өндүрүмдү башка максаттар үчүн пайдалануудан улам келип чыккан
Сизге жана айланадагыларга келтирилген ар кайсы зыян үчүн жооп бербейт.
5
Муздаткычтын кызмат мөөнөтү – 10 жыл.
Муздаткычты даректери А тиркемесинде көрсөтүлгөн тейлөө кызматтары оңдойт.
Тейлөө борбору
: тел.
(
8412) 49-53-75, E-mail: