697129.001
32
КООПСУЗДУК ТАЛАПТАРЫ
·
Муздаткыч – бул электрдик тиричилик прибору, андыктан аны пайдаланууда
жалпы коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.
·
Приборду 8 жана андан жогору жаштагы балдар, ошондой эле дене, сезим же
акыл-эс мүмкүнчүлүгү чектелген же билими жана тажрыйбасы жетишсиз
адамдар, эгер алар көзөмөл астында болсо же приборду этият пайдаланууга
карата тиешелүү көрсөтмөлөрдү алган жана бардык мүмкүн болгон
коркунучтарды түшүнгөн учурда, пайдаланса болот.
·
Балдардын прибор менен ойноосуна тыюу салынат.
·
ГОСТ IEC 60335-1 боюнча электр тогуна урунуудан коргоонун түрү боюнча
муздаткыч 1-класстагы приборлордун катарына кирет жана электр тармагына
жерге кийирүүчү контакты бар эки уюлдуу розетка аркылуу кошулушу керек.
·
Розетка муздаткычты сырткы электр тармагынан шашылыш түрдө өчүрүү үчүн
жеткиликтүү болгон жерде орнотулушу зарыл.
Көңүл буруңуздар!
Муздатуучу агенттин контурун бузбаңыз.
·
Муздатуучу агент изобутан (R600a) муздатуучу агенттин контурунун ичинде
болот. Бул тез күйүүчү табигый газ.
·
Муздаткычта күйүүчү зат менен толтурулган аэрозолдук баллончолор сыяктуу
жарылуучу заттарды сактабаңыз.
·
Ташуу жана орнотуу учурунда муздатуучу агенттин конурунун бир да компоненти
жабыркаган эместигине ынаныңыз.
·
Прибор турган бөлмөнү жакшылап желдетип туруңуз.
·
Прибордун жанында ачык оттун жана тутануу булактарынын болуусун
болтурбаңыз.
Көңүл буруңуздар!
Прибордун ичинде башка электрдик приборлорду (мисал үчүн, балмуздак
жасагыч) пайдаланууга болбойт, эгер аларды муздаткычта пайдаланууга
уруксат берилген учурлардан сырткары.
Көңүл буруңуздар!
Электрдик бөлүктөр бузулган болсо (ачакей (вилка), электр тогуна кошуучу
шнур, компрессор ж.б.), аларды тейлөө кызматынын адиси же атайын
даярдыгы бар кызматкер алмаштырышы керек.
·
Прибордун техникалык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө болбойт. Кабелдин
бузулуусу/жабыркоосу учу бириге калууга (замыкание), өрт чыгууга жана/же
электр тогуна урунууга алып келиши мүмкүн.
Ж
Электр тогуна кошуучу шнурду узартууга
тыюу салынат
.
·
Прибордун арт жагы электр тогуна кошуучу ачакейди (вилканы) басып
калбаганына же жабыркатпаганына ынаныңыз. Басылып калган же жабыркаган
ачакей (вилка) өтө ысып чыгып, өрт чыгууга себеп болушу мүмкүн.
·
Прибордун шнуруна каалаган учурда жакындап жетишиңиз мүмкүн экенине
ынаныңыз.
·
Шнурду кармап тартпаңыз
.
·
Эгер розетка дубалга бекем бекитилбеген болсо, ачакейди (вилканы) сайбаңыз.
Электр тогуна урунуу же өрт чыгуу тобокели бар.
Ж
Приборду жарык берүүчү лампасы жок пайдаланууга
тыюу салынат
.