31
КЫРГЫЗ
–
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз, бузулуулар
бар болсо шайманды иштетпеңиз.
–
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
КОЛДОНУУ
Эң жакшы натыйжа алуу үчүн чачты шампунь менен жууп,
кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен кургатып, тарап
алыңыз. Андан соң чачты тармалдатып баштаңыз.
–
Чачты туурасы 4-5 см болгон тутамдарга бөлүңүз.
–
Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюңуз.
–
Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына сайыңыз.
–
Азыктандыруу өчүргүчүнүн баскычын (6) басып
түзмөктү күйгүзүңүз «
», андан кийин жарыктык
индикатор (5) жагыла баштайт.
–
Иштөө бети (2) ысыганына зарыл болгон бир нече
убакт күтүңүз.
–
Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
–
Баскычтын туткасын (4) басып, чач тутамынын учун
иштөө бетине (2) салып, баскычтын туткасын (4)
бошотуңуз. Учу (1) менен туткасын (7) кармап, чач
тутамын иштөө бетинин (2) үстүнө түрүп алыңыз.
–
Бир аз күтүп, баскычтын туткасын (4) басып, тутамды
бошотуп алыңыз.
–
Бул процедураны калган чач тутамдарында кайталаңыз.
Эскертүү:
–
биринчи жолу колдонуп баштаганда, башкача жыт
чыгышы мүмкүн. Бирок мындай көрүнүшкө жол
берилген.
–
шайманды иштетүү мезгилинде иштөө бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан (1),
башка колуңуз менен туткасынан (7) кармаңыз.
–
иштетүү арасындагы тыныгууларында шайманды
ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө түпкүчүнө
(3) коюңуз.
–
чачты тармалдатуудан кийин тарабай, муздаганына
убакыт бериңиз, чачыңыз табигый көрүнүү үчүн чоң
тутамдарын майдараак тутамдарына бөлүңүз.
–
Жумушту бүтүрүп азыктандыруу өчүргүчүнүн баскычын
(6) басып түзмөктү өчүрүңүз, «
» желе боосунун
ачакейин электр розеткадан алып чыгарыңыз.
IM VT-8430_70x130.indd 31
24.05.2018 18:09:04