29
КЫРГЫЗ
ЭЛЕКТР КЫСКАЧ VT-8291
Шайман «гофре» түрүндө чачты жасалоо үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1.
Иштөө пластиналары
2.
Тутка
3.
Жарык индикатору
4.
Кубаттандыруунун өчүргүчү «I/O»
5.
Иштөө пластиналардын бекитмеси
6.
Асып коюу үчүн илмекче
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ, бассейн ж.у.с.
жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
• Шайманды ванна бөлмөсүндө колдонгондон кийин
аны токтоосуз электр тармагынан ажыратуу,
башкача айтканда электр шнурунун сайгычын
электр розеткасынан чыгаруу зарыл, себеби суунун
жакындыгы шайман өчүргүч менен өчүрүлгөндө
деле коопчулукту жаратат.
• Кошумча коргонуу үчүн ванна бөлмөсүндөгү электр
тармагында потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын (устройство
защитного отключения - УЗО) орнотулушу максатка
ылайыктуу, аспапты орнотулуш үчүн адиске
кайрылыңыз.
• Түзмөктү туруктуу, тегиз, ысыкка чыдамдуу
бетке жайгаштырыңыз. Иштөө пластиналары
жана тышкы иштөө беттери жеңил эрүүчү жана
жеңил тутануучу (пластмассадан, полиэтиленден,
синтетикалык материалдардан ж.у.с.) буюмдарга
тийбегенин текшериңиз .
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнуп, аны маалымат
катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын бузулуусуна,
колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
IM VT-8291.indd 29
07.09.2018 15:02:33