
25
КЫРГЫЗ
калбаш үчүн же зыян болбош үчүн колуңуз
менен кармап туруңуз.
•
Жыйноонун тыныгууларында кыл сүрткүнү
(1) «коюу» (16) жайына орнотуп турсаңыз
болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Чаң топтогуч контейнерин (11) тазалоо
Чаң топтогуч контейнеринен (11) чаңды жана
шыпырындыны ар иштетүүдөн кийин төгүп
туруңуз.
–
Чаң соргучту өчүрүп, тармактан ажыратыңыз.
–
Туткасынан (12) кармап, бекитмесин (13)
басып, чаң топтогуч контейнерин (11)
чечиңиз.
–
Чаң топтогуч контейнерин (11) таштанды
чакасынын үстүндө кармаңыз.
–
Тээкти (22) көтөрүңүз жана кылдаттык менен
ылдыйкы капкакты ачыңыз.
–
Контейнердеги
(11)
чаңды
жана
шыпырындыларды алып салыңыз.
–
Ылдыйкы капкакты жабыңыз жана тээк (22)
менен бекигендигине ынаныңыз
–
Контейнерди (11) ордуна орнотуңуз жана
бекигендигине ынаныңыз.
Чаң топтогуч контейнеринде (11)
орнотулган НЕРА-чыпканы (19) тазалоо
–
Жогоруда айтылгандай контейнерди (11) чаң
менен шыпырындыдан бошотуп алыңыз.
–
Туткасынан (12), үстүңкү капкакты (18)
сааттын жебесине каршы бураңыз жана аны
чечиңиз.
–
НЕРА-чыпканы (19) чыгарыңыз
–
НЕРА-чыпканы
(19)
чаң
менен
шыпырындыдан тазалап, агып турган жылуу
суунун астында жууп алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (19) идиш жуучу аспапта
жуубаңыз.
–
НЕРА-чыпканы (19) кылдат кургатыңыз.
–
НЕРА-чыпканы(19) кургатуу үчүн фенди
колдонууга тыюу салынат.
–
Колбадан (21) сепараторду (20) чыгарыңыз,
жууңуз жана кургатыңыз.
–
Колбаны (21) жууңуз, сүртүңүз жана аны
кургатыңыз.
–
Колбага
(21)
сепараторду
(20),
сепаратордогу (21) жарым айлана урчук
колбадагы (21) оюкка дал келгендей кылып
орнотуңуз.
–
НЕРА-чыпкасын (19) ордуна орнотуңуз.
–
Алдын ала капкактагы (18) «▼» белгини
колбадагы (21) «▲ » белги менен дал
келтирип орнотуңуз жана капкакты (18)
такалганга чейин «▲ » белгиси тарапка
бураңыз.
–
Кураштырылган чаң топтогуч контейнерди
(11) ордуна орнотуңуз, чаң топтогуч контейнер
(11) ишеничтүү бекигендигине ынаныңыз.
Көңүл буруңуз!
Чаң топтогуч контейнерин (11) орнотуудан
мурун НЕРА-чыпкасы кургак болуп, чаң
топтогуч контейнердин (11) ичинде
нымдуулугу жок болгонун текшерип алыңыз.
Аба чыгуучу чыпкаларды (23) тазалоо
•
Чаң соргучун өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
•
Панжараны (24) саат жебесинин багытына
каршы бурап чечңиз.
•
Аба чыгуучу чыпканын бекитмесин
басыңыз жана чыпканы (23) чечиңиз.
Чыпканы (23) бир аз жылуу суунун астында
жууп алыңыз.
•
Чыпканы (23) идиш жуучу аспапта жуубаңыз.
•
Чыпканы (23) кургатыңыз. Чыпканы (23)
кургатуу үчүн фенди пайдаланууга тыюу
салынат.
•
Чыпканы (23) ордуна орнотуңуз.
•
Чыгуучу чыпканын (24) панжарасын ордуна
орнотуңуз жана аны такалганга чейин
сааттын жебесинин багыты менен бураңыз,
панжаранын (24) ишеничтүү бекигендигине
ынаныңыз.
Эскертүү:
–
Чыпканы (23) орнотуунун алдында ал
кургак болгонун текшерип алыңыз.
Чаң соргучтун корпусу
–
Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу
жумшак чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин
кургатып сүртүп туруңуз.
–
Чаң соргучтун корпусун, тармактык шнурду
жана тармактык шнурдун айрысын сууга
же башка суюктуктарга салбаңыз. Чаң
соргучтун корпусунун ичине суюктуктун
кирүүсүнө жол бербеңиз.
–
Чаң соргучтун үстүлөрүн тазалоо үчүн
эриткичтерди жана абразивдүү тазалоо
каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Чаң соргучту узак мөөнөткө сактоого алып
салуунун алдында чаң соргучтун корпусун,
чаң топтогуч контейнерин (11) жана
чыпкаларын (19, 23) тазалап алыңыз.
IM VT-8120.indd 25
05.03.2018 12:58:51