
25
КЫРГЫЗ
ТЕЙЛӨӨ
•
Контенйердеги (19) суусу кир болгондо
(ошондо соруу кубаттуулугу төмөндөп кетүү
мүмкүн) аны төгүү зарыл, имаратты жыйно-
ону улантуу үчүн контейнерге таза сууну куюу
зарыл, бул процедурасы «Чаң менен таш-
танды үчүн контейнерди тазалоо» бөлүктө
каралган.
Эскертүү: Чаң соргучту ар иштеткенден
кийин контейнердеги кир сууну төгүп, чаң
менен таштанды үчүн контейнерди жууңуз.
•
Чаң менен таштанды үчүн контейнерди
чечүүнүн алдында биринчиден чаң соргучту
өчүргүчү (3) аркылуу өчүрүп, андан соң кубат-
туучу сайгычын розеткасынан ажыратуу
зарыл.
Чаң менен таштанды үчүн контейнерди
тазалоо
•
Туткасын (5) кармап, контейнердин бекитме
баскычын басып (4) контейнерди чаң соргуч-
тун ичинен чыгарыңыз (сүрөт 1).
•
Илгичтерин (25) ачып, контейнердин капкагын
(19) чечиңиз.
•
Контейнердин асты жагынан (26) кир сууну
төгүп, аны чайкап алыңыз.
•
Контейнердин асты жагын (26) MAX белгисине
чейин суу менен толтуруңуз.
Эскертүү: Суунун керектүү көлөмү 600 мл
жакын.
•
Капкакты (19) контейнердин асты жагы-
нын (26) үстүнө орнотуп, илгичтерин (25)
бекитиңиз.
•
Чаң менен таштанды үчүн контейнерди
ордуна коюуңуз, контейнер чаң соргуч-
тун корпусунун ичинде бекитилип калганын
текшериңиз.
•
Чаң соргучту иштетип, имарат жыйнаганды
улантыңыз.
Аба алуу чыпкаларын тазалоо (сүрөт 1, 7)
НЕРА-чыпканын (20) жана чыпкалардын (21, 24)
тазалыгын сактаңыз, анткени ал чаң соргучтун
эффективдүүлүгүнө байланыштуу; чыпкаларын
бир жылда алты жолудан кем эмес, өтө бул-
ганса – андан да жышыраак тазалап туруңуз.
НЕРАчыпкасын (20) зарылдыгына карата
алмаштырыңыз.
•
Туткасын (5) кармап, контейнердин бекитме
баскычын басып (4) контейнерди чаң соргуч-
тун ичинен чыгарыңыз (сүрөт 1).
•
Илгичтерин (25) ачып, контейнердин капкагын
(19) чечиңиз.
•
Бекитмесин (22) басып, чыпка кармагы-
чын (23) чыпкасы (24) менен, губка сыяктуу
чыпкасын (21), НЕРА-чыпкасын (20) чыга-
рып, аларды жылуу суунун астында жууңуз
(сүрөт 7).
•
Чыпкаларын идиш жуучу аспабында
жуубаңыз.
•
Чыпкаларын кургатып алыңыз. Чыпкаларды
кургатуу үчүн фенди колдонууга тыюу
салынат.
•
Чыпкаларын кайрадан орнотуңуз. Чыпкалары
туура орнотулганын текшериңиз.
•
Капкакты (19) контейнердин асты жагы-
нын (26) үстүнө орнотуп, илгичтерин (25)
бекитиңиз.
•
Чаң менен таштанды үчүн контейнерди
ордуна коюуңуз, контейнер чаң соргучтун
корпусунун ичинде бекитилип калганын
текшериңиз.
•
X Cross чыпкасын (28) орнотуу (алмашты-
руу) жана тазалоо ошол эле ыраатуулугунда
өткөзүлөт.
ЧАҢ СОРГУЧТУН КОРПУСУ
•
Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүңүз.
•
Чаң соргучтун ичине суу куюлганына жол
бербеңиз.
•
Чаң соргучтун үстүн тазалоо үчүн эриткич-
терди жана абразивдүү тазалоо каражат-
тарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жеринде
сактаңыз
•
Иштетүүнүн арасындагы тыныгууларда же чаң
соргучту сактаганда щетканын «коюу» жайын
(27) колдонуңуз.
Көңүл буруңуз: Чаң соргучту сактоого алып
салуунун алдында ар дайым контейнерден кир
сууну төгүп, чаң менен таштандылар үчүн кон
тейнерди жууп, чыпкаларын (20, 21, 24) жууп
кургатыңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Чаң топтогуч (чыпкалары жана чаң
менен таштандылар үчүн контейнери
орнотулган) – 1 даана.
Ийилчээк түтүкчө – 1 даана.
Астана/килем үчүн щёткасы – 1 даана.
Жылчык насадкасы – 1 даана.
Эмерек капталышын тазалоо үчүн
насадкасы – 1 даана.
Турбощетканы – 1 даана.
Телескоптук түтүкчө – 1 даана.
Чаң үчүн щетка – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
X Cross чыпкасы – 1 даана.
IM VT-8100.indd 25
10/6/20 3:11 PM