51
КЫРГЫЗ
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
•
Электр шнурдун же сайгычтын бузулган
жерлери болсо же шайман иштеп-иштебей
турса жана шайман кулап түшкөндөн кийин
шайманды колдонбоңуз.
•
Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды
заводдук таңгагында гана транспорттоо
зарыл.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
–
Шайманды таңгактан чыгарып, болгон таңгак
материалдары менен мультибышыргычтын
нормалдуу иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар
кыл чаптамаларды алып салыңыз.
–
Мультибышыргычты тегиз ысыкка чыдамдуу
беттин
үстүнө
болгон
ашканадагы
жылуулуктун булактарынан (электромеш
же бышыруу панель катары) алыс коюңуз.
–
Шайманды ал менен дубалдын арасында
20 см кем эмес аралыкты, үстү жагында
30-40 см кем эмес бош аралыкты калтырып
орнотуңуз.
–
Чыгып турган буунун жогору температурадан
бузула турган буюмдардын жанында
шайманды жайгашпаңыз.
Көңүл буруңуз! Сууга толтурулган ванна,
раковина же башка идиштердин жанында
шайманды жайгашпаңыз.
–
Баскычты (3) басып, капкакты (4) ачып,
табакты (11) чыгарыңыз.
–
Болгон чечилме бөлүктөрүн – табакты (11),
бууга бышыруу табакты (29), чөмүчтү (28),
күрүч үчүн кашыкты (27) жана өлчөмдүү
чыныны (26) – нейтралдуу жуучу каражат
менен жумшак сүлгү менен жууп, аккан
суунун астынан чайкап, кургатып алыңыз.
–
Шаймандын корпусун (1) жумшак бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан соң
кургатып сүртүңүз.
ТАБАКТЫ (11) КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
•
Шайман
менен
анын
бөлүктөрүн
дайындоосуна ылайык гана колдонуңуз.
Табакты (11) ысытуу аспаптар же бышыруу
беттерине коюп тамакты даярдоого тыюу
салынат.
•
Табактын (11) ордуна башка идишти койбоңуз.
•
Ысытуу элементи менен табактын түбү (11)
ар дайым таза жана кургак болуусун байкап
туруңуз.
•
Табакты (11) азыктарды аралаштыруу идиш
катары колдонбоңуз. Күйгүзбөс катмарын
бузулбаганы үчүн азыктарды табактын (11)
ичинде майдалатпаңыз.
•
Табак (11) деформацияланып же күйгүзбөс
катмары бузулган болсо, аны колдонбоңуз.
•
Башка буюмдарды табактын (11) ичинде эч
качан калтырбаңыз да сактабаңыз.
•
Табакта (11) тамакты бышырганда аны
пластик чөмүч (28) же күрөк (27) менен
аралаштырыңыз.
•
Табактын (11) күйгүзбөс катмарын чийе
алуучу металл буюмдарды колдонбоңуз.
•
Бышыруу режимин таңдагандан мурун табак
(11) туура орнотулганын текшерип алыңыз.
•
Татымал же курчутмалары кошулган
тамакты бышыруудан кийин табакты (11)
дароо жууганы рекомендацияланат.
•
Тамакты бышырып бүткөндөн кийин
күйгүзбөс катмары бузулбаганы үчүн
табакты (11) дароо эле муздак суунун астына
салбаңыз, биринчиден аны муздатыңыз.
•
Табак (11) идиш жуучу аспапта жуулганга
ылайыкташтырылбаган.
МУЛЬТИБЫШЫРГЫЧТЫ КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуз!
–
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
–
Мультибышыргычты биринчи колдонгондо
ысытуу элементинен башкача жыт чыгуу
мүмкүн, бул нормалдуу кубулуш.
IM VT-4279.indd 51
15.12.2017 12:58:21