23
КЫРГЫЗ
•
Бузулуулар пайда болбогону үчүн шайманды
заводдук таңгагында гана транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдардын жана жөндөмдүүлүгү
төмн адамдардын колу жетпеген жерде
сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ-
ТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛА НУУГА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ
ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
•
Этти туурап баштагандын алдында сөөктөрү
жана ашыкча майы алынганын текшерип алыңыз.
•
Азыктарды башкача буюмдар менен же
колуңуздун бармактары менен түртүүгө тыюу
салынат, ал үчүн жабдыктын жыйынтыгына кир-
ген түрткүчтү (1) гана колдонуңуз.
•
Эт туурагычтын корпусун, электр шнуру менен
кубаттуучу сайгычын эч качан сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Катуу талчалары бар (мисалы, имбирь же хрен)
азыктарды эт туурагычында иштетүүгө аракет
кылбаңыз.
•
Эт тыгылып калбас үчүн аны түрткүч (1) менен
түрткөндө ашыкча күч салбаңыз
•
Тыгылып калган ар кыл катуу кесим шнек-
тин же бычактын айлануусун басаңдатып же
токтотуп калса, шайманды токтоосуз өчүрүп,
иштетүүнү улантуунун алдында шнектин
тескери айлануу «R» (реверс)функциясы-
нын жардамы менен тыгылган жерин бошо-
туп алыңыз.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ ИШТЕТҮҮГӨ ДАЯРДОО
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин аны
үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй темпера-
турасында сактоо зарыл.
•
Электр эт туурагычты таңгактан чыгарып, бол-
гон таңгак материалдарын алып салып, корпу-
сун нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин
кургатып сүртүңүз.
•
Болгон чечилме бөлүктөрүн (1, 2, 3, 8, 9, 10, 11,
12) нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу
сууга жууп, чайкап, кураштыруунун алдында
жакшылап кургатып алыңыз.
•
Шайманды биринчи иштеткенде чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык бол-
гонун текшерип алыңыз.
•
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц болгон алмашма ток
тармагында иштөөгө арналган, зарыл бол-
гон ылдамдыгында иштегени үчүн эч кошумча
жөндөөнүн зарылдыгы жок.
ЭТ ТУУРАГЫЧТЫ ИШЕТҮҮНҮН НЕГИЗГИ
ПРИНЦИПТЕРИ
•
Эт туурагыч сөөгү жок этти турмуш-тирчилик
шарттарында гана иштетүүгө арналган.
•
Шайманды куратырып, тегиз кургак беттин
үстүнө орнотуңуз.
•
Корпусундагы аба тешиктери тосулбаганын тек-
шерип алыңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Эт туурагычтын бөркүнүн (3) астына ылайыктуу
идишти коюңуз.
•
Эт толугу менен эригенин текшерип, болгон
сөөктөрү менен ашыкча майын алып салып,
этти азыктар үчүн идиштин (2) тешигине бош
кире турган өлчөмүндөгү кубиктерге же узун
кесимдерине кесип алыңыз.
•
Которгучун (7) «ON» абалына коюп, шайманды
иштетиңиз.
•
Этти эт туурагычтын бөркүнүн (3) оозуна
түрткүчтүн (1) жардамы менен шашпай түртүп
туруңуз. Шайманды иштетүү учурунда жабдык-
тын жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1) гана
колдонуңуз.
•
Азыктарды башкача буюмдар менен түртүүгө
тыюу салынат, этти бармагыңыз менен эч качан
түртпөңүз.
•
Этти же башка азыктарды түрткөндө ашыкча
күч салбаңыз.
•
Этти туураган мезгилде ал тыгылып калышы
мүмкүн, тыгылган жерин бошотуу үчүн шнектин
тескери айлануу функциясын пайдаланыңыз.
Шнектин тескери айлануу режимин иштетүү
үчүн которгучун (7) «0» абалына коюп эт туура-
гычты өчүрүп, андан кийин которгучун (7) «R»
абалына бурап кармап туруңуз.
•
Азыктарды токтоосуз иштетүү мөөнөтү 5 мину-
тадан ашырбаганы зарыл.
•
Эт туурагыч 5 минутанын ичинде токтоосуз
иштегенинен кийин аны өчүрүп, муздаганына
15-20 минута мөөнөтүн берип, андан кийин
иштетүүнү улантсаңыз болот.
•
Иштетип бүткөндөн кийин которгучун (7) «0»
абалына коюп, эт туурагычты электр тар-
магынан суруп, андан кийин гана ажыратып
баштасаңыз болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
•
Эт туурагычтын бөркүн бекиткич баскычын
(5) басып туруңуз, эт туурагычтын бөркүн (3)
орнотуу жайына (4) киргизип, эт туурагычтын
бөркүн (3) саат жебесинин багытына каршы ток-
тогонуна чейин бурап, баскычты (5) бошотуңуз
(сүр. 1, 2).
•
Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпусуна
(3) орнотуңуз (сүрөт 3).
Содержание VT-3618
Страница 1: ...1 VT 3615 Meat grinder Мясорубка 3 7 12 17 22 27 VT 3618 ...
Страница 2: ...1 2 3 4 5 6 7 9 10 12 13 11 8 1 2 7 5 12 11 10 9 8 3 4 6 13 14 ...
Страница 31: ......