
25
КЫРГЫЗ
Эскертүү
:
–
Аспапты ар колдонуудан кийин
миздерин тазалап, майлоо зарыл.
–
Жыйынтыгына кирген майын (7) гана
колдонуңуз.
–
Өсүмдүк майын, ичине эриткичтер
аралашкан
майды
колдонбоңуз.
Эриткичтери бууланып жок болуп,
калган коюу май миздердин кыймылдоо
ылдамдыгын азайтуу мүмкүн.
0,9-1,5 мм миздер узундугунун
жөндөгүчү (2)
Жөндөгүчү (2) аркылуу сиз 0,9-1,5 мм
аралыгында кыркылган чачтын узундугун
таңдасаңыз болот.
Жөндөгүчү (2) миздер тарабына токтогонго
чейин жылдырыңыз, бул кыркылган чачтын
0,9 мм узундугуна ылайык. Жөндөгүчү (2)
алгачкы абалына которуу үчүн бекитме
баскычын (2a) басып, жөндөгүчүн (2)
жылдырып, керектүү абалына келгенде
бекитме баскычын (2a) бошотуп алыңыз.
Тарак насадкалары (8, 9, 10, 11)
Чачтын узундугу колдонулган насадкасына
байланыштуу:
–
тарак насадкасы (10): чачтын узундугу
3 мм
–
тарак насадкасы (11): чачтын узундугу
6 мм
–
тарак насадкасы (8): чачтын узундугу
9 мм
–
тарак насадкасы (9): чачтын узундугу
12 мм
Таңдалган тарак насадкасын миздер
сапсалгысына (1) арсактарын өйдө каратып
орнотуңуз да насадканын асты жагындагы
чыгып турган жайын анын бекитилип
калуусуна чейин басыңыз. Насадка өз
жеринде тырс этип бекитилгенин текшерип
алыңыз. Тарак насадканы чечүү үчүн анын
асты жагындагы чыгып турган жайын
басып, насадканы алып салыңыз.
Чачтарамды жасоо жөнүндөгү
колдонмо
•
Аспап менен кыркылуучу чач таза жана
кургак болуу зарыл.
•
Кубаттануучу
сайгычын
электр
розеткасына сайыңыз.
•
Чач кыркуунун алдында өчүргүчтү (3)
«I» абалына которуп аспапты иштетип,
туруктуу иштеп турганын жана миздери
жай-салмак менен кыймылдаганын
текшерип
алыңыз.
Миздеринде
майлагыч майы көп болсо, өчүргүчтү
(3) «0» абалына которуп аспапты
токтотуңуз да кургак чүпүрөк менен
ашкан майды сүртүп алыңыз.
•
Электр шнурунун абалына көз салып
туруңуз, ал көп жолу түрүлгөүнө жол
бербей, мезгил-мезгили менен аспапты
өчүрүп, шнурун түздөтүп туруңуз.
•
Адамды башы сиздин көзүңүздүн
деңгээлинде болгондой отургузуп,
ийиндерин сүлгү менен жабып, чачын
тарак менен (12) тарап алыңыз.
Эскертүү
–
Бир жолу кыркканда азыраак чачты
кыркыңыз – керек болсо кыркылган
жерине кайрадан кайтсаңыз болот.
–
Суу чачка караганда кургак чачты
кырксаңыз эң жакшы натыйжа аласыз.
–
Түз эмес кыркылган тутумдарын
табуу үчүн чачты тарак (12) менен
тараңыз.
–
Биринчи жолу кыркканда, чачты
узунураак кыркуу ыңгайлуу болот.
–
Аспапты иштетип уйрөнүүдөн улам
сиз керектүү чачтарамдарды өз
алдынча жасасаңыз болот.
Биринчи кадам
3 мм (10) же 6 мм (11) тарак насадкасын
орнотуңуз. Өчүргүчтү (3) «I» абалына
которуп аспапты иштетиңиз. Аспапты
миздерин өйдө каратып кармаңыз. Чачты
өсүп баштаган жеринен кыркып баштаңыз.
IM VT-2576.indd 25
27.12.2016 16:29:37