49
КЫРГЫЗ
Бешинчи кадам — кыркууну бүтүрүү
–
Чач кыркууну бүтүргөндө тарак насадкасын алып
салыңыз, аспаптын миздерин чач жагына каратып,
моюндагы жана чыкыйдагы чачты акырын
тегиздетип алыңыз. Аспапты күч менен баспаңыз,
ачык миздери териге тийгенде кесилүү же жаракат
пайда болуу мүмкүн (сүрөт 9).
Конус формасындагы чачтарам
Керектүү тарак насадкасын орнотуп, чачты баштын
арты жагынан төбөсү тарабына кыркып баштаңыз.
Чачты баштын бет жагынан төбө тарабына жана
чет жагынан чачты өсүү багытына каршы кыркып
алыңыз (сүрөт 10). Төбөсү жалпак чачтарамды
жасоо үчүн таракты колдонуңуз: чачты өйдө көтөрүп,
тарактын үстүнөн кыркыңыз. Тегиз эмес кыркылган
чачты табуу үчүн аны тарак менен тарап туруңуз.
Чачты кыркып бүткөндө, өчүргүчтү (4)
«O»
абалына
келтирип аспапты өчүрүп, сайгычын электр
розеткасынан чыгарыңыз да миздерине коргоо
капкагын (1) кийгизиңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Миздерди майлоо
Миздерди жыйынтыгына кирген майы (11) менен
мезгилдүү түрдө майлап туруу зарыл.
–
Өчүргүчү (4) менен аспапты өчүрүп, электр шнурунун
сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
–
Бир-эки тамчы майды (11) миздердин арсактарына
жана үстүнкү миздин арты жагына тамчылап,
аспапты иштетип, миздери жай-салмагы менен
кыймылдаганын текшерип алыңыз.
–
Аспапты өчүрүп, ашкан майын кургак чүпүрөң
менен сүртүп алыңыз.
Көңүл буруңуздар!
Аспаптын жыйынтыгына кирген
майды гана колдонуңуз.
Өсүмдүк майын, малдын майын, май менен
эриткичтердин аралашмасын КОЛДОНБОҢУЗ.
Эриткичтери бууланып жок болуп, калган коюу
май миздердин кыймылдоо ылдамдыгын азайтуу
мүмкүн.
IM VT-2573_70x130.indd 49
05.03.2019 15:47:19
Содержание VT-2573
Страница 2: ...T 2573_70x130 indd 2 05 03 2019 15 47 18 ...