37
КЫРГЫЗ
–
Триммерди электр тармагынан иштетсеңиз, электр
шнурунун абалына көз салып туруңуз, ал көп жолу
түрүлгөүнө жол бербей, мезгил-мезгили менен аспапты
өчүрүп, шнурун түздөтүп туруңуз.
–
Универсалдык насадкасын (1) чечүү зарыл болсо,
өчүргүчүн (4) «0» абалына коюп шайманды токтотуңуз,
андан кийин насадкасын (1) чечиңиз (сүрөт 3, 4).
–
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин өчүргүчүн (4) «0»
абалына коюп, электр тармагынан иштеткен учурда
кубаттануучу сайгычын (8) электр розеткасынан суруңуз.
Эскертүү:
–
Иштетүүнүн тыныгууларында триммерди ар дайым
өчүрүп туруңуз.
–
Триммерди электр тармагынан иштеткен учурда
кубаттануучу сайгычын электр розеткасынан
суруңуз.
Мурут менен сакалды кыркуу
Сакалды моделдөө үчүн калтыруучу чачтын узундугуна
карата телескоптук насадкасынын (1) керектүү «1-10»
абалын колдонуңуз. Насадканын (1) абалын жөндөгүчтү (3)
бурап жөнгө салсаңыз болот (сүрөт 3).
–
Триммер колдонууну үйрөнө элек болгонуңузда,
насадканы (1) чачты эң узун кыркуу «7–10» абалына
коюп, насадканы кыскараак чачты кыркуу «7 жана андан
аз» абалдарына аз-аздан жылдырсаңыз ыңгайлуу болот.
–
Сакалды симметриялуу кыркуу үчүн ээгинен баштап
өйдө тарапка жылдырып, болгон сакалды кыркыңыз
(сүрөт 7).
–
Кыркылган чачты насадкасынан (1) мезгилдүү түрдө
тазалап туруңуз (сүрөт 8).
–
Мурутту кыркканда, аны биринчиден тарап, ортодон
эриндин бурчеги тарабына кыркыңыз.
Эскертүү:
бир жолу кыркканда азыраак чачты кыркыңыз –
керек болсо кыргылган жерине кайрадан кыркуу үчүн
кайтсаңыз болот.
–
Сакал кыркууун акыркы стадиясында телескоптук
насадкасын (1) чечип, шаймандын миздерин өзүңүзгө
каратып кармап, триммерди бир аз басып сакалдын
керектүү контурун жасап алыңыз (сүрөт 9).
–
Ачык миздери териге тийген учурларда триммерди кату
баспаңыз өзүңүздү кесип же жаракат алганыңыз мүмкүн.
–
Бетиңизде чачтарды кыркканда триммерди астынан
өйдө жагына жылдырып, моюнуңузда чачтарды
кыркканда триммерди өйдө жактан ылдый жагына
жылдырып туруңуз.
IM VT-2553_70x130.indd 37
15.08.2017 14:09:53