32
КЫРГЫЗ
– Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюп, толугу менен муздаганына
убакыт бериңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
– Тазалоонун алдында шайманды электр тармагынан
ажыратып, толугу менен муздаганына убакыт
бериңиз.
– Шайманды, электр шнурун жана кубаттуучу
сайгычын сууга же башка суюктуктарга салууга
тыюу салынат.
– Шайманды тазалоо үчүн абразивдүү жана жуучу
каражаттарды же эритүүчү суюктуктарды колдонууга
тыюу салынат.
– Шаймандын корпусун жумшак, бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
САКТОО
– Аспапты сактоо жерине алып салгандын алдында
аны толугу менен муздатып, тазалап алыңыз.
– Электр шнурун шаймандын корпусунун үстүнө эч
качан түрбөңүз, себеби бул анын бузулуусуна алып
келиши мүмкүн.
– Сактоо ыңгайлуулугу үчүн асуучу илмеги (8)
каралган, шайманды ага суу тийбей турган жерге ал
илгич аркылуу илип койсоңуз болот.
– Шайманды балдар жана жөндөмдүлүгү төмөн болгон
адамдардын колу жетпеген кургак салкын жерде
сактоо зарыл.
ЖЕТКИРИЛГЕН ТОПТОМУ
Электр кыпчуур – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨР
Кубаттандыруу чыңалуусу: 110-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 34 Вт
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Түзмөктү ванна бөлмөсүндө, душ,
бассейн ж.у.с. жерлерде суунун жанында колдонбоңуз.
Содержание VT-2507
Страница 1: ...Электрощипцы VT 8294 Curling tongs 3 9 16 22 28 34 VT 2507 ...
Страница 2: ......