КЫРГЫЗ
20
ЭЛЕКТР КЫПЧУУР VT-2380
Электр кыпчуур кургак жана бир аз ным-
дуу чачты моделдөө үчүн колдонулат.
СЫПАТТАМА
1. Иштөө пластиналардын бекитмеси
2. Чачты кысуу үчүн кармагыч
3. Иштетүү/өчүрүү баскычы
4. Иштөө пластиналарын ысытуу тем-
пературасын (°C) орнотуу баскычы
5. Ионизаторду иштетүү индикатору
6. Жылытуу температурасынын инди-
каторлору (160°C, 180°C, 200°C)
7. Жылуулук коргоочу коймолор
8. Иштөө пластиналары
9. Түпкүч
10. Аба ионизаторунун чыгуусу
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
• Электр кыпчуурду ичине суу куюлган
идиштердин (мисалы, ванна, бассейн
ж. б.) жанында иштетүүгө тыюу салы-
нат.
• Шайманды ванна бөлмөсүндө кол-
донгондон кийин кубаттуучу сайгы-
чын электр тармагынан суруп, шай-
манды өчүрүү зарыл, себеби суунун
жакындыгы шайман өчүргүч менен
өчүрүлгөндө деле коркунучту жаратат.
• Кошумча коргонуу үчүн ванна
бөлмөсүндөгү электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспа-
бын орнотуу максатка ылайыктуу;
аспапты орнотуу үчүн атайын адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан му-
рун ушул колдонмону көңүл коюп окуп
чыгып, аны маалымат катары сактап
алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана,
ушул колдонмодо жазылганга ылайык-
туу колдонуңуз. Түзмөктү туура эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдо-
нуучуга же колдонуучунун мүлкүнө зыян
келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
• Түзмөктү биринчи жолу иштет-
кенден мурун түзмөктүн иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун тек-
шерип алыңыз.
• Түзмөктү аэрозолдорду чачкан
же жеңил тутанып кетүүчү суюк-
туктар
колдонулган
жерлерде
колдонбоңуз.
• Шайманды колдонуунун алдында
электр шнурун толук узундугуна жан-
дырып алуу зарыл.
• Тармактык шнурун:
– ысык буюмдарга тийгизбей,
– сууга салбай,
– эмеректин учтуу кырларынын
үстүтнөн тартпай,
– түзмөктү көтөрүү үчүн тутка ката-
ры пайдаланбаңыз.
• Шайманды, электр шнурун жана ку-
баттуучу сайгычын суу колуңуз менен
тийбеңиз.
• Шайманды колдонуунун алдында
электр шнурун көңүл буруп изилдеп,
бузулуулары жок болгонун текше-
рип алыңыз. Электр шнурунун бу-
зулууларын тапсаңыз, шайманды
колдонбоңуз.
• Ваннада киринген учурда түзмөктү
колдонбоңуз.
• Шайманды имараттардын сыртында
колдонууга тыюу салынат.
• Шайманды ваннага же суу толтурул-
ган раковинага түшө турган жерлер-
ге салбаңыз, шаймандын корпусун,
электр шнурун же кубаттуучу сайгы-
чын сууга же башка ар кыл суюктук-
тарга салбаңыз.
• Шайман сууга түшкөн болсо, токтоо-
суз кубаттуучу сайгычты розеткадан
суруп, андан кийин гана шайманды
суудан чыгарсаңыз болот. Шай-
манды текшерүү же оңдотуу үчүн
жаныңыздагы
автордоштурулган
(ыйгарым укуктуу) тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
• Иштеп турган түзмөктү эч качан каро-
осуз калтырбаңыз.