![Vitek VT-1928 Скачать руководство пользователя страница 23](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-1928/vt-1928_instruction-manual_1035508023.webp)
23
КЫРГЫЗ
•
Жаракат алууну же шаймандын бузулуусуна
жол бербөө үчүн желпименин коргоо
панжараларынын тешиктерине башкача
заттарына салбаңыз.
•
Желпиме иштеп турган учурунда айланып
турган лопасттарына тийүүгө тыюу салынат.
•
Желпимени панжара же үй өсүмдүктөрдүн
жанында жайгашпаңыз.
•
Желпименин аба агымынын астында
чоң мөөнөттүн ичинде туруусу (айыкча
балдарга
жана
кары
кишилерге)
рекомендацияланбайт.
•
Иштеп турган шайманды эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
•
Желпимени тазалоонун алдында же аны
көпкө чейин колдонбосоңуз аны электр
розеткасынан ажыратыңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан
тартпаңыз, сайгычынан кармаңыз.
•
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап
туруңуз.
•
Түзмөктү оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен
баштыктары же таңгактоочу пленка менен
ойноого уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
•
Шайман иштеген учурда балдарга
шайманды жана электр шнурун тийгенге
уруксат бербеңиз.
•
Бул түзмөк дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
инструкциялаган болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылбаган.
•
Электр шнуру же кубаттуучу сайгычында
бузулуулар бар болсо, желпиме иштеп-
иштебей турса, шайман кулап түшкөндөн
кийин же башка бузулуулар пайда
болгондон кийин желпимени колдонууга
тыюу салынат.
•
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
•
Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар
кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп,
кепилдик
талонундагы
же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
•
Түзмөктү заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдар жана мүмкүнчүлүгү
чектелген адамдар жетпеген кургак салкын
жерлерде сактаңыз.
ШАЙМАН
ҮЙ
ШАРТЫНДА
ТУРМУШ
ТИРИЧИЛИК ҮЧҮН ГАНА ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАСАЛГАН, КОММЕРЦИЯЛЫК МАКСАТТА
ЖАНА
ӨНДҮРҮШ
АЙМАКТАРЫНДА
ОШОНДОЙ ЭЛЕ ИШТӨӨЧҮ ЖАЙЛАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температурада
ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат
кармап туруп, анан иштетүү керек.
Желпимени кураштыруу
•
Желпимени таңгактан чыгарып, шаймандын
иштөөсүнө тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
•
Электр
кыпчууларынын
бүтүндүгүн
текшерип, эгер кандайдыр жери бузук же
сынык болсо, колдонбоңуз.
•
Штанганын асты жагын (13) жерге коюлуучу
таянычка (14) киргизип, бекитмесин (15)
саат жебесинин багыты боюнча сайы
боюнча бурап аны бекитип алыңыз.
Жерге коюлуучу таянычтын (14) бекем
бекитилгенин текшерип алыңыз.
•
Бекитмени (12) бурап бошотуп, штанганы
(11) керектүү узундука чыгарып, бекитмени
(12) бир аз күч салып саат жебесинин
багыты боюнча бурап бекитип алыңыз.
•
Мотор сапсалгысын (8) телескоптук
штангага (11) токтогонуна чейин орнотуп,
бекитмеси (10) менен бекитип алыңыз,
IM VT-1928.indd 23
11/20/19 11:47 AM