![Vitek VT-1928 Скачать руководство пользователя страница 22](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-1928/vt-1928_instruction-manual_1035508022.webp)
22
КЫРГЫЗ
ЖЕЛДЕТКИЧ VT-1928
Желпиме имараттарды жасалма түрдө
желдетүү үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Алдынкы коргоочу панжара
2. Бекитүүчү алкак винт жана гайкасы менен
3. Лопасттардын бекитмеси
4. Лопасттар
5. Арткы панжаранын бекитме гайкасы
6. Көтөрүп ташуу үчүн туткасы бар арткы
панжара
7. Электр мотордун огу
8. Мотор сапсалгысы
9. Башкаруу панели
10. Желпименин мотор сапсалгысынын
бекитмеси
11. Жылдырма штанга
12. Жылдырма штанганын бекитмеси
13. Астынкы штанга
14. Жерге коюлуучу таяныч
15. Бекитме
Башкаруу панели
16. «ON/SPEED» иштетүү/аба агымынын
ылдамдыгын таңдоо баскычы
17. «OSC» айлануу режимин иштетүү/өчүрүү
баскычы
18. Таймерди иштетүү/өчүрүү «TIMER» баскычы
19. Өчүрүү «OFF» баскычы
Дисплей
23. Ылдамдыктын цифралуу белгилери «1-2-3»
24. Таймердин иштөө мөөнөтүнүн белгилери
25. Аба желдетүү режиминин белгиси «NOR»
26. Натыйжалуу аба агымынын белгиси «NAT»
27. «SW» айлануу режиминин белгиси
28. Түнкү иштөө режиминин белгиси «SLP»
Аралыктан башкаруу пульту (20)
16. «ON/SPEED» иштетүү/аба агымынын
ылдамдыгын таңдоо баскычы
17. Айлануу режимин иштетүү/өчүрүү баскычы
«OSC»
18. Таймерди иштетүү/өчүрүү «TIMER» баскычы
19. Өчүрүү «OFF» баскычы
21. Аба агымынын түрүн таңдоо «MODE»
баскычы
22. Батарея бөлүктүн капкагы
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Желпимени пайдалануудан мурун ушул колдон-
мону окуп-үйрөнуп, аны маалымат катары
сактап алыңыз.
Түзмөктү түздөн-түз арналышы боюнча гана,
ушул колдонмодо баяндалганга ылайык
колдонуңуз.
Түзмөктү туура эмес пайдалансаңыз, ал тез
бузулуп, сизге же мүлкүңүзгө залакасы тийип
калышы мүмкүн.
•
Шайманды биринчи иштеткендин алдында
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Түзмөктү колдонуунун алдында тармактык
шнурун көңүл буруп изилдеп, бузулуулары
жок болгонун текшерип алыңыз. Электр
шнурунун
бузулууларын
тапсаңыз,
шайманды колдонбоңуз.
•
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
•
Желпимени имараттардын сыртында
колдонууга тыюу салынат.
•
Шайманды тегиз, туруктуу беттин үстүнө,
жылуулук жана ачык от булактарынан алыс
жеринде орнотуңуз.
•
Шайманды суу толтурулган идиштердин
жанында, ашкана раковинанын тикеден
тике жакынчылыгында, нымдуу үй
астындагы имараттарда же бассейндин
жанында колдонбоңуз.
•
Электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
сууга же башка ар кайсы суюктуктарга
салбаңыз.
•
Шаймандын корпусун жана сайгычын суу
колуңуз менен тийбеңиз.
•
Желпиме сууга түшкөн болсо, аны суудан
чыгаруудан мурун токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин
гана желпимени суудан чыгарсаңыз
болот. Желпимени текшерүү же оңдотуу
үчүн кепилдик талонунда же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордош-
турулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
•
Электр шнурун ысык беттерге же эмеректин
учтуу кырларына тийгизбеңиз.
•
Ажыратылган желпимени иштетүүгө тыюу
салынат.
IM VT-1928.indd 22
11/20/19 11:47 AM