30
КЫРГЫЗ
КОФЕ КАЙНАТКЫЧ VT-1526
Кофе кайнаткыч «ЭСПРЕССО» кофени
бышыруу жана «КАПУЧИНО» кофе жасоо үчүн
арналган.
СЫПАТТАМА
1. Суу үчүн идиштин капкагы
2. Суу үчүн чечилме идиши
3. Буу берүү жөндөгүчүнүн туткасы «OFF--- +»
4. Капучинатор түтүкчөсү
5. Чечилме учу
6. Түпкүчтүн панжарасы/тамчылар үчүн
түпкүчү
7. Кофе чыпканын кармагычы
8. Кофе чыпканын токтоткучу
9. Буу берүүнү иштетүү « » баскычы
10. 10. Кофе/сууну кол берүүсүнүн баскычы
« »
11. Эки кат эспрессону жасоо үчүн «
»
баскычы
12. Эспрессо кофенин бир порциясын жасоо
«
» баскычы
13. Иштетүү/өчүрүү « » баскычы
14. Чыныларды жылытуучу аянтча
15-16. Кофе үчүн чыпкалар
17. Тарттырылган кофенин тыгыздагычы
менен өлчөмдүү кашык
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА
ашырбаган коргоп өчүрүүчү аспабын орнотуу
максатка ылайык. Аспапты орнотуу үчүн
атайын адиске кайрылыңыз.
КОЛДОНУУ ЖАНА КООПСУЗДУК
ЧАРАЛАРЫ БОЮНЧА РЕКОМЕНДАЦИЯЛАР
•
Электр шайманды пайдалануудан мурун
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүз.
Ушул колдонмону бүткүл кызмат мөөнөтүнө
сактап алыңыз.
•
Шайманды туура эмес пайдалануу
анын бузулуусуна, колдонуучуга же
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө
алып келиши мүмкүн.
•
Кофе кайнаткычты биринчи жолу иште-
ткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуу-
суна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты
бар розеткасына туташтырыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн кофе кайнаткычты
электр розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты тике дайындоо боюнча
гана колдонуңуз.
•
Шайманды
имараттардын
сыртында
колдонбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты температурасы 0°C
төмөн болгон имараттарда эч качан
калтырбаңыз да сактабаңыз.
•
Кофе кайнаткычты кургак, тегиз, бекем
турган беттин үстүндө колдонуңуз, столдун
чет жагына койбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты ысык беттерге койбоңуз.
•
Кофе кайнаткычты жылуулук, нымдуулук
же ачык от булактардын тикеден-тике
жакынчылыкта колдонбоңуз.
•
Электр шнуру столдун кырынан арта салынып
же ысык нерселерди жана эмеректин учтуу
кырларын тийип турганына жол бербеңиз.
•
Чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз.
•
Ток урбас үчүн шайманды, электр шнурун
жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
•
Топтомго
кирген
бөлүктөрүн
гана
пайдаланыңыз.
•
Кофе кайнаткычты суусыз иштетпеңиз.
•
Таза муздак сууну гана пайдаланыңыз,
суу үчүн турмуш-тирчилик чыпкалардан
өткөзүлүп кошумча тазаланган сууну
пайладанууңузду сунуш кылабыз.
•
Кофе кайнаткычты иштетүүнүн алдында
болгон
чечилме
бөлүктөрү
туура
орнотулганын текшерип алыңыз.
•
Иштеп турган кофе кайнаткычын эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
•
Электр шнурун, кубаттуучу сайгычын, кофе
кайнаткычтын корпусун суу колуңуз менен
тийбеңиз.
•
Күйүк болбоо үчүн кофе жасалып турган
учурда жана шайманды жаңы өчүргөндөн
кийин ысык беттерин (чыпка кармагычын,
бойлерин, капучинатор түтүкчөсүн) тийбеңиз.
•
Бөлүктөрүн чечүүнүн же тазалоонун
алдында шайманды толугу менен муздатып
алыңыз.
•
Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында
чыпка кармагычты чечүүгө тыюу салынат.
•
Тазалагандан мурун жана шайманды
пайдаланбаган учурда аны электр
тармагынан суруңуз.
IM VT-1526.indd 30
28.12.2017 16:03:23