
40
КЫРГЫЗ
10-15 минута мөөнөтүн берип, андан кийин
иштетүүнү улантсаңыз болот.
•
Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин
которгучун (11) «0» абалына коюп, кубаттуучу
сайгычын электр тармагынан суруп, андан
кийин гана эт туурагыч саптаманы ажыратып
баштасаңыз болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
•
Капкакты (14) өйдө тартып чечиңиз.
•
Эт туурагычтын бөркүн (17) коюлуучу жайына
орнотуп, саат жебесинин багытына каршы « »
бекитилгенине чейин бурап салыңыз.
•
Шнекти (18) эт туурагычтын бөркүнүн
корпусуна (17) орнотуңуз.
•
Крест сыяктуу бычакты (19) шнегине (18)
орнотуңуз
•
Панжаралардын керектүүсүн (20 же 21)
таңдап, панжарадагы (20 же 21) чыгып
турган жерлерин эт туурагычтын бөркүнүн
корпусундагы (17) оюктары менен дал
келтирип аны бычактын (19) үстүнө орнотуңуз,
гайканы (22) бекитип салыңыз (сүрөт 2).
Көңүл буруңуз!
–
Бычакты кесүү жагын панжарага каратып
орнотуңуз. Бычак туура эмес орнотул-
ган болсо, ал тууроо функциясын
аткарбайт.
–
Чоңураак тешиктери бар панжарасы (21)
чийки эт, жашылча-жемиш, кургатылган
мөмө-жемиштерди, быштакты, балыкты
ж.б. иштетүүгө арналган.
–
Майда тешиктери бар панжара (20) чийки
же бышкан этти, балыкты ж.б. иштетүүгө
ылайык.
•
Эт туурагычтын бөркүнүн оозуна (17)
азыктарды салуучу идишин (16) орнотуңуз.
•
Шайманды иштетүү мезгилинде түрткүчтү (15)
гана колдонуңуз (сүр. 3).
Эскертүү:
–
Этти тууроо процессин жакшыртуу үчүн
этти сызыктарга же кубиктерге туурап
алыңыз. Тоңдурулган этти толугу менен
эритүү зарыл.
–
Шайманды иштетүү учурунда топтомуна
кирген түрткүчтү (15) гана колдонуңуз;
азыктарды башкача буюмдар менен
түртүүгө тыюу салынат, этти бармагыңыз
менен эч качан түртпөңүз.
•
Эт туурагычтын бөркүнүн (17) астына
ылайыктуу идишти коюңуз.
•
Тармактык шнурдун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
•
Ашкана аспабын иштөө режимдердин
которгучун (11) бурап 3-дөн 6-га чейинки
керектүү иштөө ылдамдыгын коюңуз.
Эскертүү:
- эт туурагыч саптмама менен
ашкана аспаптын токтоосуз иштөө мөөнөтү
3 минутадан ашпаганы зарыл. Аспапты
10–15 минутадан кем эмес мөөнөттөн кийин
кайрадан иштетиңиз.
•
Аспапты иштетип бүткөндөн кийин иштөө
режимдердин которучун (11) «0» абалына
коюп,
кубаттуучу
сайгычын
электр
розеткасынан суруп, андан кийин гана эт
туурагычты ажыратып баштасаңыз болот.
•
Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн
гайканы (22) бурап бошотуп, коюлган
панжарасын (20 же 21), бычагын (19) жана
шнегин (18) чыгарыңыз.
•
Эт туурагычтын бөркүн (17) чечүү үчүн
бекитме баскычын (14а) басып, эт туурагычтын
бөркүн (17) саат жебесинин багыты боюнча
бурап, чечип салыңыз.
•
Бөлүктөрүн (15, 16, 17, 18, 19, 20 же 21, 22)
нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу сууга
жууп, чайкап, кургатып алыңыз.
•
Капкакты (14) ордуна коюңуз.
КОЛБАСКАЛАРДЫ ТОЛТУРУУ
•
Фаршты даярдаңыз.
•
Эт туурагычтын бөркүн (17) коюлуучу
жайына орнотуп, саат жебесинин багытына
каршы « » бекитилгенине чейин бурап
салыңыз.
•
Шнекти (18) эт туурагычтын бөркүнүн
корпусуна (17) орнотуп, шнекке (18) крест
сыяктуу бычакты (19), панжаралардын бирин
(20 же 21) орнотуп, колбаскаларды толтуруу
үчүн саптамасын (29) гайкага (22) киргизип,
саптаманы (29) кармап, гайканы (22) эт
туурагычтын бөркүнө (17) бурап кийгизип,
гайканы (22) бекитип алыңыз (сүр. 4).
•
Азыктар үчүн идишти (16) орнотуңуз (сүр. 5).
•
Даяр фаршты азыктар үчүн идишке (16)
салыңыз.
•
Колбаскаларды жасоо үчүн табигый сыртын
алдын ала жылуу сууга 10-15 мүнөт чылап
колдонуңуз.
•
Жумшартылган сыртты саптаманын (29)
үстүнө тартып, сырттын учун байлап алыңыз.
•
Тармактык шнурдун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
•
Ашкана аспабын иштөө режимдердин
которгучун (11) бурап «1-ден 6-га» чейинки
керектүү иштөө ылдамдыгын коюңуз.
IM VT-1439.indd 40
29.11.2018 17:22:12