33
КЫРГЫЗ
колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
• Түзмөктү биринчи жолу иштеткенден мурун
түзмөктүн иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
• Иштеп турган түзмөктү эч качан кароосуз калтырбаңыз.
• Түзмөктү аэрозолдорду чачкан же жеңил тута-
нып кетүүчү суюктуктар колдонулган жерлерде
колдонбоңуз.
• Чачты жасалгалап бүткөндөн кийин гана лакты
колдонуңуз.
• Колдонгондон кийин же тазалагандан мурун ар дай-
ым түзмөктү электр тармагынан сууруңуз.
• Тармактык шнурдун айрысын электр розеткасынан
сууруганда шнурду кармап эч качан тартпаңыз, ай-
рысынан кармаңыз.
• Тармактык шнурдун айрысына суу колуңуз менен
тийбеңиз.
• Түзмөктү ваннага же суу толтурулган раковинага
түшө турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол
жерлерде сактабаңыз, түзмөктү сууга же башка су-
юктуктарга салбаңыз.
• Ваннада киринген учурда түзмөктү колдонбоңуз.
• Түзмөк сууга түшкөн болсо, дароо тармактык айры-
сын электр розеткасынан сууруп, андан кийин гана
түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот.
• Электр шнурунун же тармактык айрысынын бузулуу-
лары бар болсо, түзмөктү колдонбоңуз.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат
бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!
• Түзмөк иштеген учурда балдарга түзмөктүн корпу-
сун, электр шнурун жана тармактык шнурдун айры-
сына тийгенге уруксат бербеңиз.
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени үчүн
аларга көз салуу зарыл.
• Түзмөк иштеп турган учурда жанында балдар же
жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар бар болгондо
өзгөчө абайлап туруңуз.
IM VT-1331.indd 33
10/13/20 1:04 PM