13
КЫРГЫЗЧА
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Эгерде шайман өз максатына ылайык колдонулбаса жана берилген кол-
донмодо көрсөтүлгөн эрежелер жана шарттар сакталбаса, ошондой эле
шайманды квалификациясыз оңдоо аракеттер болсо, өндүрүүчү жооп-
туу эмес. Эгер Сиз шайманды башка адамга колдонууга бергиңиз келсе,
сураныч, анда аны берилген колдонмосу менен кошо өткөрүп бериңиз.
Берилген шайман үй тиричиликте жана ушул сыяктуу чөйрөдө колдонууга
арналган, атап айтканда:
-
дүкөндөрдөгү, кеңселердеги жана башка өнөр жай чөйрөлөрүндөгү
кызматкерлер үчүн ашкана аянтчаларында;
-
айыл чарба фирмаларында;
-
мейманканада, мотелде жана башка турак жай инфраструктурада
кардарлар үчүн;
-
жеке пансионаттарда.
1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Сиз сатып алган шайман Россия Федерациясындагы электр шаймандары-
на тиешелүү коопсуздуктун бардык расмий стандарттарына жооп берет.
Жашоо жана ден-соолук үчүн кооптуу кырдаалдарды, ошондой эле
шайман эрте иштен чыгып калбашы үчүн, төмөнкү шарттар так сакта-
лууга тийиш:
1. Шайманды ишке киргизерден мурун берилген колдонмону жакшылап
окуп чыгыңыз.
2. Шаймандын берилген көрсөтмөсүн, кассанын дүмүрчөгүн жана
кутусун сактаңыз.
Жоголуп кеткен учурда, иштетүү жөнүндө колдонмо жаңыртылбайт,
мындай шайман кепилдиктен алынат. Шайманды максатына ылайык
гана колдонуңуз.
3. Шайманды жылуулук булактарынын жанында койбоңуз, түз күндүн
нуру жана нымдуулуктун таасирине дуушар кылбаңыз (сууга жана
башка суюктуктарга батырганга тыюу салынат). Шайманга суу код-
доруңузду тийгизүүгө тыюу салынат.
4. Шайманга суу тийип кетсе же ичинен суу агып кетсе, аны дароо
электр тармагынан ажыратып коюңуз.
5. Шайманды жумшак, тегиз эмес, туруктуу эмес беттерге орнотпоңуз.
Шаймандын үстүн жаппаңыз.
6. Колдонгондон кийин жана тазалоонун астында, шайманды электр
розеткасынан ажыратыш керек. Шайманды өчүрүп жатканда, электр
зымынан эмес, сайгычынан тартып сууруш керек.
7. Балдарга шайман менен ойногонго уруксат бербеңиз. Шайманды
кароосуз калтырбаңыз. Электр зымы балдар жетпеген жерде болгонун
текшерип алыңыз.
8. Кутудагы буюмдар балдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн жана атайын
бөлүнгөн жерге сакталышы керек.
9. Шайман физикалык, сезимтал же акыл жөндөмдүүлүгү начар болгон
адамдарга (балдарга), жашоо тажрыйбасы жана билими болбогон-
дуктан колдонгонго болбойт, эгер аларды шайманды колдонуунун
эрежесин билген жана алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын
көзөмөлүндө болбосо.
10. Шайманды жана анын электр зымын зыяндары болбогонун ар дайым
текшерип туруңуз.
Бузук шайманды колдонууга тыюу салынат. Шайманды өзүңүз оңдо-
гонго аракет кылбаңыз, квалификациялуу адистерге кайрылыңыз.
11. Оригиналдуу запастык бөлүктөрүн гана колдонууга гана уруксат бе-
рилет. Жеткирүү топтомдо кошулуп келбеген бөлүктөрдү колдонбоңуз.
12. Иштетүүдөн мурун, электр тармагындагы чыңалуу шайманда көр-
сөтүлүп турганга туура келээрин текшериңиз.
13. Шайманды күйгүзүүнүн алдында, анын туура жана толугу менен
чогулганын текшериңиз.
14. Электр зымын тартпаңыз, эгер ал курч учтуу нерселердин четине
тийип турса, буюмдар менен басылып же чырмалып калса; электр
зымдын ысык нерселерге тийгенине жол бербеңиз.
15. Электр зымы же башка бир бөлүгү бузулган болсо, шайманды
дароо токтон ажыратыңыз жана өндүрүүчүнүн тейлөө борборуна
кайрылыңыз. Квалификация сыз кийлигишкен учурда же берилген
колдонмодо келтирилген шайманды иштетүү эрежелери сакталба-
са-кепилдик жокко чыгарылат.
16. Шайманды жерге туташтыруучу розеткаларга гана туташтырыңыз,
жерге өткөргүчтүү 10 А тибиндеги эки уюлдуу узарткычтарды гана
колдонуңуз.
17. Бир эле учурда бир нече энергияны талап кылган шаймандарды кол-
донбоңуз, бул турак жайлардын электр тармагындагы көйгөйлөрдү
жаратышы мүмкүн.
18. Шайманды колдонуу сунушталбайт, эгер:
• электр зымы бузулган болсо;
• шаймандын көрүнүп турган зыяны болсо;
• шайман бийиктиктен түшүп кетсе;
• шайманга суу кирип кетсе.