![Vitek VT-8471 Manual Instruction Download Page 30](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-8471/vt-8471_manual-instruction_1035295030.webp)
30
КЫРГЫЗ
•
Иштетүү\өчүрүү баскычын (15) басып, кофе
кайнаткычты өчүрүңүз, башкаруу баскычтардын
(15 менен 16) жарыгы өчөт.
Эскертүү: - сүт көбүгүн даярдоо процесси - бул
чеберчилик. Биринчи жолу жасаганда көбүк болбой
калышы мүмкүн, үмүт үзбөй, тажрыйба алууну
жакшы натыйжаны алууга чейин улантыңыз.
МААНИЛҮҮ:
–
Көбүк жасоо үчүн колдонулган жаңы сүт жаңы
болуп, анын ичинде консерванттары жок болгону
маанилүү, башкача айтканда, көпкө сакталуучу
деп аталган сүттү колдонбоңуз. Майлуулугу 4-6%
болгон ынак сүттү колдонуу зарыл, каймактын
малуулугу 10% кем эмес болуу зарыл.
–
Сүт же каймакты чалуудан кийин капучинатор
түтүкчөнүн баскычын (6) тазалап алыңыз,
ал үчүн капучинатор түтүкчөнүн учун (6) суу
куюлган чыныга салып, (17) баскычын басып
буу берүүнү иштетип, буу берүү түтканы (4)
«OFF--- +» саат жебесинин багытына каршы
бурап, бир аз бууну чыгарыңыз, андан соң (4)
«OFF--- +» тутканы саат жебесинин багытына
каршы токтогонуна «OFF» чейин бурап, буу
берүүнү токтотуп, (17) баскычын басып, буу
берүүнү өчүрүп, кофе кайнаткычты өчүрүңүз.
–
Кофе кайнаткыч муздаганын күтүп, учун
капучинатор түтүкчөндөн (6) чечип, капучинатор
түтүкчөнү (6) сыртынан жумшак нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, учун болсо аккан суунун астынан
жууңуз.
Эскертүү:
–
Кофени 5 минуттан кем эмес интервалдан
кийин кайра кайнатуу рекомендацияланат.
СУУСУНДУКТАРДЫ ЖЫЛЫТУУ
Сиз учу (6) жок капучинатор түтүкчөнү чыныга
салып, суусундуктарды жылытсаңыз болот.
•
Буу берүү баскычын (17) басып, баскычтын (17)
жарыгы туруктуу түрдө күйүп турганын күтүңүз.
•
Учу жок капучинатор түтүкчөнү (6) жылыта турган
суусундук куюлган чыныга салып, буу берүү
жөндөгүч тутканы (4) «OFF--- +» саат жебесинин
багытына каршы акырындык менен бураңыз.
•
Тутканы (4) «OFF--- +» саат жебесинин багыты
боюнча токтогонуна чейин «OFF» бураңыз.
•
Буу берүү баскычын (17) кайрадан басып, буу
берүүнү өчүрүңүз.
•
Иштетүү\өчүрүү баскычын (15) басып, кофе
кайнаткычты өчүрүңүз, башкаруу баскычтардын
(15 менен 16) жарыгы өчөт.
Эскертүү: чыпка кармагычтан (12) же буу
соплосунан бир аз суу же буу чыгуу мүмкүн, бул
нормалдуу кубулуш.
ЖАКШЫ ЭСПРЕССОНУ КАНТИП
ЖАСАСА БОЛОТ
–
«Эспрессо» кофе кайнаткычтарга арналган
жаңы тарттырылган кофени колдонуңуз.
–
Тарттырылган кофени чыпканын (11) ичинде
бир аз тыгыздап туруңуз, өлчөмдүү кашыктын
(18) арты жагы менен тыгыздатсаңыз болот.
–
Даяр кофенин күчтүүлүгү кофе куурулгандын
сапаты жана канчалык майда тарттырылганына
байланыштуу. Кофе өтө көпкө чейин куюлуп
турса, бул өтө тарттырылган кофе колдонулганын
же кофе өтө катуу тыгыздалганын белгилейт.
КЕБЭЭРДЕН ТАЗАЛОО
Кофе кайнаткыч сапаттуу иштеп турганына үчүн ар
2-3 айда бир жолу кебээрди кетирүү зарыл, «катуу»
сууну колдонгондо кебээрди андан тез тазалап
тууру зарыл.
1.
Буу берүү өчүрүлгөнүн текшериңиз, ал үчүн
тутканы (4) «OFF--- +» саат жебесинин багыты
боюнча «OFF» токтогонуна чейин бураңыз.
2.
Лимон кычкылдыктын эритмесин даярдаңыз: 1
литр сууга 2 чай чыны, алынган эритмени суу
идишине (3) куюңуз. Идишти (3) ордуна коюңуз.
3.
Кофе чыпканы (11) в кармагычына (12)
салыңыз.
4.
Чыпка кармагычты (12) кофе кайнаткычка
орнотуңуз. Кармагычтын (12) чыгып турган
жайлары бойлердеги оюктары « » менен дал
келиши зарыл, андан соң чыпка кармагычты (14)
оң жагына токтогонуна чейин « » бураңыз.
5.
Ылайыктуу чынысын түпкүчтүн (8) панжарасына
(9) коюңуз.
6.
Электр шнурунун сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
7.
Иштетүү/өчүрүү баскычын (15) басып кофе
кайнаткычты иштетиңиз, ошондо баскычтын
(15) жарыгы күйүп, ал эми баскычтын (16)
жарыгы үлпүлдөп турат.
8.
Баскычты басып (16), 100 мл көлөмүндөгү
чыныны суу менен толтуруңуз (бул бойлерден
сууну кетирүү жана аны лимон кычкылдыктын
эртимеси менен толтуруу үчүн зарыл), (16)
баскычын кайрадан басып, суу берүүнү
токтотуңуз.
9.
Баскычты (16) басып суу берүүнү иштетиңиз,
көлөмү 100 мл-ге жакын чыныны суу менен
толтуруп суу берүүнү токтотуу үчүн (16)
баскычын кайрадан басыңыз, чыныдагы сууну
төгүңүз.
10.
Бир нече убакыттан кийин 9 пунктунда
процедурасын кайталап, клөмү 100 мл-ге жакын
болгон чыныны кайрадан толтуруңуз.