32
КЫРГЫЗ
• Электр шнурунун абалын мезгилдүү түрдө
текшерип туруңуз.
• Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды заводдук
таңгагында гана транспорттоо зарыл.
• Кубаттуучу сайгычында же электр шнурунда ар
кыл бузулуулар бар болсо, шайман иштеп-иштебей
турса же кулап түшкөндөн кийин шайманды
иштетүүгө тыюу салынат.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл
бузулуулар пайда болгон же шайман кулап
түшкөн учурларда аны розеткадан суруп, кепилдик
талонундагы же www.vitek.ru сайтындагы тизмесине
кирген автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
• Айлана чөйрөөну сактоо максатында шаймандын
кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин аны турмуштук
калдыктары менен чогу ыргытпай, утилизациялоо
үчүн адистештирилген пунктуна тапшырыңыз.
• Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген кургак салкын жеринде
сактаңыз.
АСПАП ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА
АРНАЛГАН
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн
температурада
шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
• Шайманды кутудан чыгарып, иштегенине
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
• Электр шнурун толук узундугуна жандырып алыңыз.
• Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз,
бузулуулар бар болсо шайманды иштетпеңиз.
• Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
IM VT-8447_70x130.indd 32
18.09.2017 16:10:28