33
КЫРГЫЗ
• Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
• Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак
болуу зарыл.
• Бекитмени (1) жылдырып, түздөткүчтү ачыңыз.
• Шайманды тегиз, туруктуу жана ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
• Шайманды иштетиңиз, ал үчүн иштетүү/өчүрүү
баскычын (2) басып туруңуз, ошондо дисплейде
(5) жарыялабай коюлган иштөө пластиналардын
ысытуу температурасы «200°С» күйүп, дисплейдин
(5) жарыгы үлпүлдөп турат.
Эскертүү:
Биринчи жолу иштеткенде ысытуу
элементинен башкача жыт чыгуу мүмкүн, бул
нормалдуу көрүнүш.
• Керек болсо, иштөө пластиналардын керектүү
температурасын баскычтары (3) аркылуу коюп
алыңыз.
Чачтын түрү
Температура
Бузулган, боелгон, ыраңы
кетирилген, жука
+150°С - +180°С
Нормалдуу
+180°С - +210°С
Профессионалдык жасамы үчүн
+210°С - +230°С
• Иштөө пластиналары коюлган температурага чейин
ысыганда, дисплейдин (5) жарыгы үлпүлдөбөй,
туруктуу түрдө күйүп баштайт.
• Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын)
тутамдарга бөлүңүз.
• Чачтын бир тутамын пластиналардын (4) арасына
салыңыз.
• Шайманды туткасынан кармап, пластиналарды (4)
жабыңыз.
• Көп күчтү салбай, иштөөчү пластиналарды (4) чач
тутамдын учуна чейин өткөзүңүз.
МААНИЛҮҮ:
пластиналарды чачтын бир жеринде эки
секундадан көп убакытка эч качан кармабаңыз.
• Андан кийин кийинки тутамын түздөтүүгө өтүңүз.
IM VT-8410_70x130.indd 33
15.08.2017 15:34:50