29
КЫРГЫЗ
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарында шайманды транспорт-
тоодон же сактоодон кийин аны үч сааттан кем
эмес мөөнөткө үй температурасында сактоо зарыл.
– Шайманды таңгактан чыгарып, таңгак материалдарын
жана жарыя чаптамаларды сыйрып алыңыз.
– Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз, бузулуулар
бар болсо шайманды иштетпеңиз.
– Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө чыңалуусу
электр тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
КОЛДОНУУ
Эң жакшы натыйжа алуу үчүн чачты шампунь менен жууп,
кургак сүлгү менен сүртүп, фен менен кургатып, тарап
алыңыз. Андан соң чачты тармалдатып баштаңыз.
– Чачты туурасы 4-5 см болгон тутамдарга бөлүңүз.
– Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюңуз.
– Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына сайыңыз.
– Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүргүчүн (6) өйдө тар-
тып алыңыз, ошондо индикатор (5) күйөт.
– Иштөө бети (2) ысыганына зарыл болгон бир нече
убакт күтүңүз.
– Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
– Баскычтын туткасын (4) басып, чач тутамынын учун
иштөө бетине (2) салып, баскычтын туткасын (4)
бошотуңуз. Учу (1) менен туткасын (7) кармап, чач
тутамын иштөө бетинин (2) үстүнө түрүп алыңыз.
– Бир аз күтүп, баскычтын туткасын (4) басып, тутамды
бошотуп алыңыз.
– Бул процедураны калган чач тутамдарында кайта-
лаңыз.
Эскертүү:
– биринчи жолу колдонуп баштаганда, башкача жыт чыгы-
шы мүмкүн. Бирок мындай кɵрүнүшкɵ жол берилген.
– шайманды иштетүү мезгилинде иштɵɵ бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан
(1), башка колуңуз менен туткасынан (7) кармаңыз.
– иштетүү арасындагы тыныгууларында шайманды
ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнɵ түпкүчүнɵ
(3) коюңуз.
IM VT-8409.indd 29
4/28/18 2:36 PM