40
КЫРГЫЗ
• Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты бар
розеткасына туташтырыңыз.
• Үтүктү тегиз, туруктуу беттин үстүнө коюңуз же
үтүктөгүч тактаны колдонуңуз.
• Иштеп турган үтүктү кароосуз калтырбаңыз.
• Үтүктү колдонбосоңуз, ар дайым аны электр
тармагынан суруңуз.
• Резервуарын суу менен толтурганда ар дайым
кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан суруңуз.
• Үтүктөп турганда, суу куюучу тешиги жабык болуу
зарыл.
• Суу куюлуучу резервуарына жыттуу суюктуктарды,
сиркени, крахмал эритмесин, кебээрди кетирүүчү
реагенттерди, химиялык каражаттарды ж.б. куюуга
тыюу салынат.
• Күйүктөрдөн сактануу үчүн териңиздин ачык жактарын
үтүктүн ысык беттерине же чыгып турган бууга
тийгизүүдөн этият болуңуз.
• Электр шнуру үтүктөгүч тактанын кырынан салаңдап
турбаганын же үтүктүн ысык беттерине тийбегенин
байкап туруңуз.
• Үтүктү электр тармагына саюу\чыгаруунун алдында
температура жөндөгүчүн «MIN» абалына коюп, бууну
үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн болсо « » (буу
берүүсү өчүрүлгөн)абалына коюңуз.
• Үтүктү электр тармагынан сурганда аны шнурду
кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан кармап
розеткадан чыгарыңыз.
• Ток урбас үчүн үтүктү сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонгон
полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз!
Полиэтилен баштыктар же таңгак
пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат бербеңиз!
Тумчуктуруунун коркунучу бар!
• Шайманды оюнчук катары колдонууга балдарга
уруксат бербеңиз.
• Бул
шайман
балдар
колдонуу
үчүн
ылайыкташтырылбаган. Шайман иштеп же муздап
турган учурда аны балдар жетпеген жерлерде
сактаңыз.
IM VT-8303_70x130.indd 40
24.01.2017 17:13:45