![Vitek VT-7160 W Manual Instruction Download Page 19](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-7160-w/vt-7160-w_manual-instruction_1036785019.webp)
19
КЫРГЫЗ
ТОСТЕР VT-7160 W
Тостер НАН КЕСИМДЕРИН КУУРУУГА ГАНА
арналган.
СЫПАТТАМА
1.
Киргизилген панжараны беитүү үчүн калтек
2.
Киргизилген панжара
3.
Тосттор үчүн тешиктер
4.
Тостерди иштетүү калтеги
5.
Муз эритүү “DEFROST” баскычы
6.
Жылытуу “REHEAT” баскычы
7.
“STOP” баскычы
8.
Тостторду кууруу деңгээлинин жөндөгүчү
9.
Тармактык шнурду сактоо үчүн жер
10.
Күкүмдөр үчүн чечилме табагы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашпаган
коргоп өчүрүүчү түзмөгү орнотулушу
максатка ылайыктуу; орнотуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр түзмөктү пайдаланардан мурун,
колдонмону көңүл коюп окуп чыгып, аны
маалымат баракчасы катары сактап коюңуз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана,
ушул колдонмодо жазылганга ылайыктуу
колдонуңуз.
Шайманды
туура
эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга
же колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө
алып келиши мүмкүн.
•
Түзмөктү биринчи иштетүүнүн алдында
анын корпусунда жазылган чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
•
Тармактык шнуру «европалык айрысы»
менен жабдылган; аны бекем жердетүүнүн
контакты
бар
электр
розеткасына
туташтырыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Тостерди иштетүү же шнурдун айрысын
электр розеткасына сайуунун алдында
колуңуз кургак болгонун текшерип алыңыз.
•
Тостерди
имараттардын
сыртында
колдонбоңуз.
•
Түзмөктүү тегиз, бекем турган беттин
үстүндө орнотуңуз.
•
Жакшы желдетүү үчүн тостердин жанында
ар дайым жетиштүү бош жер болуу зарыл.
Көңүл буруңуз! Тосттердин кууруу мөөнөтүн
туура коюңуз, өтө көп куурулганда тосттор
жалындап кетүү мүмкүн.
•
Тостерди пардалардын жанында, обои
чапталган дубалдарга жакын, ашкана сүлгү
же башка ар кыл бат жаалындап кетүүчү
материалдардын жанында жана жогору
температурасынан бузула турган беттердин
жанында колдонбоңуз.
•
Шайманды ысык беттердин (мисалы үчүн, газ
же электр меш, плитасы, демдөөчү мештин
жанында шайманды жайгаштырбаңыз.
•
Көп шекери бар же ичине джем же варенье
салынган азыктарды тостерде куурубаңыз.
•
Майы менен нанды куурубаңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн өтө чоң же фольгага
оролгон азыктарды тостерге салбаңыз.
•
Тосттерди жасаган убагында тостердин
үстүн эч качан жаппаңыз.
•
Шайман иштеп турган учурунда тосттерди
чыгарууга тыюу салынат.
Көңүл буруңуз! Кууруу процессинде тосттор
ысыйт. Күйүүлөр болбош үчүн абайлаңыз.
•
Тостерди
имараттардын
сыртында
колдонбоңуз.
•
Иштетип бүткөндө же тазалагандын
алдында аны милдеттүү түрдө өчүрүп,
электр тармагынан сууруңуз.
•
Тостерди тазалап баштагандын алдында ал
муздак болгонун текшерип алыңыз.
•
Табакта топтолуп калган күкүмдөр жанындап
кеткенин болтурбоо үчүн аларды мезгилдүү
түрдө тазалап туруу керек.
•
Өрт, электр тогу уруунун коркунучун жоюу
үчүн тармактык шнурдун айрысын, электр
шнурун менен шаймандын өзүн сууга же
башка суюктуктарга салбаңыз.
•
Тостерди тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражат же эриткичтерди колдонбоуз.
•
Тармактык шнурун ысык беттерге же
эмеректин учтуу кырларына тийгенине жол
бербеңиз.
•
Балдарга иштеп турган түзмөктүн корпусуна
жана шнуруна тийүүгө уруксат бербеңиз.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен
баштыктары же таңгактоочу пленка менен
ойноого уруксат бербеңиз.
Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
IM VT-7160.indd 19
10/9/19 10:47 AM