19
КЫРГЫЗ
–
Коюлган майдалатуу деңгээлин көрсөткүчү
(8) көрсөтөт.
–
Электр шнурун толук узундугунда ажыратып
алыңыз.
–
Баскычты (9) басып, шайманды иштетиңиз.
Эскертүү:
–
шайманды
иштетүүнүн
алдында
идиштери (1 жана 5) туура орнотулуп,
капкактары (6 жана 10) менен жабылганын
текшерип алыңыз, андай болбосо шайман
иштебейт;
–
кофе майдалагыч иштеп турган убагында
кофе даны тегирмендерге өтпөй турса,
кофе майдалагычты бир аз терметүү же
акырындык менен силкүү зарыл.
–
Кофе майдалагыч автоматикалык түрдө
өчөт.
–
Шайман иштеп турган учурунда идишинде
(5) кофе түгөнсө же кофе майдалагычты тез
түрдө өчүрүү зарыл болсо, өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (9) кайрадан басыңыз.
–
Майдалатып бүткөндөн кийин кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан ажыратыңыз.
–
Даяр суусундуктун эң жакшы даамын алуу
үчүн талкаланбаган кофенин керектүү
көлөмүн кофе бышыруунун алдында
майдалатуу рекомендацияланат.
–
Тарттырылган кофенин даамы бузулганына
жол бербегени үчүн жаңы тарттырылган
кофени бекем жабылган банкаларда
же
вакуум
таңгагында
сактаганы
рекомендацияланат.
ТАЗАЛОО ЖАНА САКТОО
–
Тазалоонун алдында кофе майдалагычты
электр розеткасынан ажыратыңыз.
–
Кофе
майдалагычты
«БИРИНЧИ
ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА» бөлүгүндө
жазылгандай ажыратыңыз.
–
Болгон чечилме бөлүктөрүн нейтралдуу
жуучу каражат кошулган жылуу сууга жууп,
чайкап, жакшылап кургатып алыңыз.
–
Болгон чечилме бөлүктөрүн тазалоо үчүн
идиш жуучу аспапты колдонууга тыюу
салынат.
–
Ички тегирменин кофе майдалагычтын
корпусунун (3) арткы жагындагы сактоочу
жайында (2) сакталган кыл калеми (11)
менен тазаласаңыз болот.
–
Кыл калемин (11) чыгаруу үчүн кыл калемдин
(11) ылдый жагын басып, колдонгондон
кийин кыл калемин (11) ордуна коюңуз.
–
Кофе майдалагычтын корпусун жумшак бир
аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан соң
кургатып сүртүңүз.
–
Кирди кетирүү үчүн нейтралдуу жуучу
каражаттарды колдонуп, металл щеткаларды,
абразивдүү жуучу каражаттарды же
эриткичтерди колдонбоңуз.
–
Кофе майдалагычты, электр шнурун жана
кубатуучу сайгычын сууга же ар кыл башка
суюктуктарга салбаңыз.
–
Шайманды балдар же жөндөмдүлүгү төмөн
болгон адамдардын колу жетпеген кургак
салкын жеринде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Кофе майдалагыч - 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Иштетүү кубаттуулугу: 150 Вт
Өңдүрүүчү шаймандардын дизайнин жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
билдирбей өзгөртүү укугун сактайт.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-7128.indd 19
17.08.2017 16:50:44
Summary of Contents for VT-7128 BK
Page 1: ...1 VT 7128 BK 3 6 10 14 Coffee grinder 17 IM VT 7128 indd 1 17 08 2017 16 50 42...
Page 2: ...IM VT 7128 indd 2 17 08 2017 16 50 42...
Page 9: ...9 3 15 38 117209 28 1 IM VT 7128 indd 9 17 08 2017 16 50 43...
Page 11: ...11 www vitek ru 3 1 10 6 5 12 unlock 3 12 lock 5 6 1 10 IM VT 7128 indd 11 17 08 2017 16 50 43...
Page 13: ...13 1 1 220 240 50 150 3 i i i i i i i i i i i i IM VT 7128 indd 13 17 08 2017 16 50 43...