КЫРГЫЗ
26
Биринчи кадам
Насадканы (6 же 7) орнотуңуз. Өчүргүчтү
(3) «I» абалына коюп, аспапты иштетиңиз.
Аспапты миздерин өйдө каратып
кармаңыз. Чачты өсүп баштаган жеринен
кыркып баштаңыз. Аспапты өйдө тарапка
жай жылдырып туруңуз. Баштын арты
жагындагы жана кулактардын жанындагы
болгон чачты кыркып алыңыз
Экинчи кадам
Өчүргүчүн (3) «0» абалына коюп аспапты
өчүрүңүз, узунураак чачты кыркуу үчүн
насадкасын (7 же 8) орнотуп, аспапты
иштетип, чокуга жакын чачты кыркууну
улантыңыз.
Үчүнчү кадам — чыкый жактагы
чачты кыркуу
Шайманды өчүрүп, (6 же 7) насадкасын
орнотуп, чыкыйдагы чачты кыркыңыз.
Анан соң (8 же 9) тарак насадкасын
орнотуп, чачты чоку тарабына кыркууну
улантыңыз.
Төртүнчү кадам — чоку жагындагы
чачты кыркуу
(8 же 9) насадкасы менен баштын төбөсүнөн
чоку жагына чач өсүүнүн тарабына каршы
чачты кыркыңыз.
•
Чачты өскөн багытына каршы да, өскөн
багыты боюнча да кырксаңыз болот,
бирок өскөн багытына каршы кыркылган
чач өскөн багыты боюнча кыркылган
чачтан кыска болгонун эске тутуңуз.
•
(6 же 7) насадканычачты өтө кыска
кылып кыркуу үчүн колдонуңуз. Чачты
узунураак кылып кыркуу үчүн (8 же 9)
насадкаларын колдонуңуз.
•
Чачты узунураак кылып кыркуу үчүн чач
тутамдарын бармагыңыздын арасында
кармап аспап менен кыркыңыз.
•
Таракты колдонсоңуз болот: чачты өйдө
көтөруп, тарактын үстүнөн аспап менен
чачты кыркыңыз.
•
Кыркууну ар дайым баштын арты
тарабынан баштап туруңуз.
•
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн
аны тарак менен тарап туруңуз.
Кадам 5 — кыркууну бүтүрүү
Чач кыркууну бүтүргөндө тарак насадкасын
алып салыңыз, аспаптын миздерин чач
жагына каратып, моюндагы жана чыкыйдагы
чачты акырын тегиздетип алыңыз. Аспапты
күч менен баспаңыз, ачык миздери териге
тийгенде кесилүү же жаракат пайда болуу
мүмкүн.
Эскертүү:
иштетүүнүн тыныгууларында
өчүргүчүн (3) «0» абалына коюп, шайманды
өчүрүп туруңуз.
•
Чач кыркууну бүтүргөндөн кийин
өчүргүчтү (3) «0» абалына коюп,
шайманды өчүрүңүз.
•
Насадканы чечип, чачтан тазалаңыз,
миздер сапсалгысын (1) чечип, тазалоо
үчүн щеткачаны (10) колдонуп тазалап
алыңыз.
•
Миздер сапсалгысын (1) бир тамчы май
(11) менен майлап алыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
–
Чач кыркуу үчүн аспапты иштеткенден
кийин өчүрүңүз.
–
Коюлган насадканы чечиңиз.
–
Щеткачаны (10) колдонуп, насадканы (1)
чачтан тазалаңыз.
–
Миздер сапсалгысын чечиңиз (1).
–
Щеткача (10) менен миздер сапсалгысы
(1) менен сапсалгысынын (1) астындагы
аспаптын ичин тазалап алыңыз.
Аспаптын ичин суу агымынын астында
жууганга тыюу салынат.
–
Аспаптын корпусун (2) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүңүз.
–
Чач кыркуу үчүн аспапты, желе
адаптерин (12), адаптердин шнурун
сууга же башка суюктуктарга салууга
тыюу салынат.
–
Аспап менен насадкаларын тазалоо үчүн
эриткичтерди жана абразивдүү тазалоо
каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
–
Ар колдонуудан кийин миздер
сапсалгысын (1) майлоочу май (11)
менен тазалап туруңуз.
САКТОО
–
Аспапты сактоого алып салуунун
алдында аны тазалап, миздерин
VT-2579_105 x148.indd 26
21.02.2018 15:53:46