КЫРГЫЗ
25
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ:
–
Аккумулятордун
узак
кызмат
мөөнөтүн камсыз кылуу үчүн аны ар
кубаттандыруунун алдында толугу
менен бошотуңуз.
–
Аккумуляторлорду 5° C-тан төмөн
эмес жана +35° C-тан жогору
эмес болгон температурасында
кубаттандырыңыз.
–
Аспапты бир айдын ичинде же андан
көп колдонбосоңуз, аны колдонуунун
алдында толугу менен кубаттандырып
алыңыз.
–
Электр
тармагына
кошулган
шайманды кароосуз калтырбаңыз.
МИЗДЕР САПСАЛГЫСЫН МАЙЛОО
Биринчи колдонуунун алдында миздер
сапсалгысын (1) чечип, май (11) менен
майлаңыз (топтомуна кирет).
–
Миздер сапсалгысын чечүү үчүн
миздерин өзүңүзгө каратып аспапты
кармап, баш бармагыңыз менен миздер
сапсалгысынын (1) үстү жагын басыңыз
(сүрөт 1).
–
Миздердин
кыймылдаган
жана
кыймылсыз бөлүктөрү бир бирине
тийип турган жайларына майды (11)
тамызыңыз.
–
Миздер сапсалгысын орнотуу үчүн
биринчиден анын асты жагын орнотуу
жайына коюп, андан соң миздер
сапсалгысынын (1) өйдө жагын
акырындык менен басыңыз. Миздер
сапсалгысы (1) туура орнотулуп,
бекитилгенин
текшерип
алыңыз
(сүрөт. 2).
–
Аспапты өчүргүчү (3) аркылуу иштетип,
майды сүрүлүп турган беттерге тараганы
үчүн аны чамалуу 30 секунданын ичинде
иштетиңиз. Аспапты өчүргүч (3) менен
өчүрүп, ашкан майды кургак чүпүрөк же
кагаз сүлгү менен сүртүп алыңыз.
Эскертүү:
–
Аспапты ар колдонуудан кийин миздер
сапсалгысын (1) майлап туруңуз.
–
Топтомуна кирген майын (11) же
ошондой аспаптарга арналган майын
гана колдонуңуз.
–
Өсүмдүк майын же ичинде эриткичтери
бар майды колдонбоңуз. Эриткичтери
бууланып жок болуп, калган коюу май
кыркуучу сапсалгылардын кыймылдоо
ылдамдыгын азайтуу мүмкүн.
НАСАДКАНЫ ОРНОТУУ
–
Насадкаларын (6, 7, 8, 9) чечүү же
орнотуунун алдында өчүргүчтү (3) «0»
абалына коюп шайманды өчүрүңүз.
–
Таңдалган насадканы (6, 7, 8, 9)
миздерге (1) орнотуп, насадканын (6, 7,
8, 9) асты жагын бекитүү үчүн басыңыз.
Наадка орнотуу жайында бекитилип
калганын текшерип алыңыз.
–
Насадканы (6, 7, 8, 9) чечүү үчүн асты
жагын басып, насадканы чечиңиз.
ЧАЧТАРАМДЫ ЖАСАЛОО ЖӨНҮНДӨГҮ
КОЛДОНМО
•
Аспап менен кыркканда чач кургак болуу
зарыл.
•
Чач кыркуунун алдында өчүргүчтү (3) «I»
абалына которуп аспапты иштетип, ал
туруктуу иштегенин жана миздери жай-
салмак менен кыймылдаганын текшерип
алыңыз. Миздеринде майлагыч майы көп
болсо, өчүргүчтү (3) «0» абалына которуп
аспапты токтотуңуз да кургак чүпүрөк
менен ашкан майды алып салыңыз.
•
Адамды башы сиздин көзүгүздүн
деңгээлинде болгондой отургузуп,
ийиндерин сүлгү менен жабып, чачын
тарак менен тарап алыңыз.
Эскертүү
–
Бир жолу кыркканда азыраак чачты
кыркыңыз – керек болсо кыргылган
жерине кайрадан кыркуу үчүн кайтсаңыз
болот.
–
Суу чачка караганда кургак чачты
кырксаңыз эң жакшы натыйжа аласыз.
–
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн
аны тарак менен тарап туруңуз.
–
Биринчи жолу кыркканда, чачты
узунураак кыркуу ыңгайлуу болот.
–
Аспапты иштетип уйрөнүүдөн улам сиз
керектүү чачтарамдарды өз алдынча
жасасаңыз болот.
VT-2579_105 x148.indd 25
21.02.2018 15:53:46