
49
КЫРГЫЗ
•
Кыркууну ар дайым баштын арты тарабынан баштап
туруңуз.
•
Тегиз эмес кыркылган чачты табуу үчүн аны тарап
(11) туруңуз.
Бешинчи кадам — кыркууну бүтүрүү
–
Чач кыркууну бүтүргөндө тарак насадкасын алып
салыңыз, аспаптын миздерин чач жагына каратып,
моюндагы жана чыкыйдагы чачты акырын тегиздетип
алыңыз. Аспапты күч менен баспаңыз, ачык миздери
териге тийгенде кесилүү же жаракат пайда болуу
мүмкүн (сүрөт 9).
Конус формасындагы чачтарам
Керектүү тарак насадкасын орнотуп, чачты баштын
арты жагынан төбөсү тарабына кыркып баштаңыз.
Чачты баштын бет жагынан төбө тарабына жана
чет жагынан чачты өсүү багытына каршы кыркып
алыңыз (сүрөт 10). Төбөсү жалпак чачтарамды жасоо
үчүн таракты колдонуңуз: чачты өйдө көтөрүп, тарактын
үстүнөн кыркыңыз. Тегиз эмес кыркылган чачты табуу
үчүн аны тарак менен тарап туруңуз. Чачты кыркып
бүткөндө, өчүргүчтү (1)
«O»
абалына келтирип аспапты
өчүрүп, тармактык шнурунун сайгычын (5) электр
розеткасынан чыгарыңыз да миздерине коргоо капкагын
(10) кийгизиңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
Миздерди майлоо
Миздерди мезгил-мезгили менен май менен майлоо
зарыл.
–
Өчүргүчү (1) менен аспапты өчүрүп, тармактык
шнурунун айрысын (5) электр розеткасынан
чыгарыңыз.
–
Бир-эки тамчы майды миздердин тиштерине (3, 4)
жана үстүнкү миздин (3) арты жагына тамчылатып,
аспапты иштетип, миздери жай-салмагы менен
кыймылдаганын текшерип алыңыз.
–
Аспапты өчүрүп, ашкан майын кургак чүпүрөк менен
сүртүп алыңыз.
IM VT-2569_70x130.indd 49
24.12.2018 12:23:16