25
КЫРГЫЗ
БУУЛАНДЫРГЫЧТЫ ОРНОТУҢУЗ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
!
Иштеп баштагандын алдында корпустун
(12) түбүндө суу чоргосунун тыгыны (14)
орнотулуп, бекитилгенин текшерип алыңыз.
•
Иштетүү үчүн бууландыргычтын чукурун (9)
суу менен толтуруу зарыл.
•
Суу чукурун (9) туткасынан кармап, чечип
алыңыз.
•
Чукурду (9) көмкөрүп, капкакты (13) бурап
чечип алыңыз.
•
Чукурга (9) суу куюп, капкакты (13) бурап
бекитип алыңыз (сүр. 5).
Сууну тандоо
•
Чукурду (9) толтуруу үчүн суутүтүктөгү сууну
пайдалансаңыз болот. Суутүтүктөгү суу катуу
болсо, буусууну же минералсыздаштырылган
сууну колдонуңуз, бул түзмөктүн кызмат
мөөнөтүн узартат.
•
Суу куюлуучу чукурга (9) жыттуу суюктуктарды,
сиркени, крахмал эритмесин, химиялык
каражаттарды ж. б. куюуга тыюу салынат.
Көңүл буруңуз!
Суу куюлуучу чукурду (9) чечүүнүн алдында,
шайманды электр тармагынан ажыратыңыз
.
Түзмөктү суусуз иштетпеңиз.
•
Чукурду (9) ордуна орнотуңуз (сүр. 5).
•
Тармактык шнурдун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
•
Которгуч (10) аркылуу керектүү иштөө
режимин таңдаңыз, индикатор (11) күйөт
(сүр. 6).
OFF –
Түзмөк өчүрүлгөн
Silk –
Жибек
Cotton –
Кебез
Linen –
Зыгыр
•
Чаңдаткычтын (1) тешиктеринен буу
чыкканын күтүңүз. Бул бир нече убакытты
алат (50 секундага жакын) (сүр. 7).
•
Кийимди илгичке (4) илиңиз (сүр. 8).
•
Чаңдаткычты (1) туткасынан алып,
кездемеге жакындатыңыз. Буу кездемеден
өтүп, бырыштарды түздөтөт. Чаңдаткычты
(1) кездеменин үстүнө акырын өткөзүңүз
(сүр. 8). Бош колуңуз менен кездемени
түздөп туруңуз.
Эскертүү:
Иштетүү убагында буу түтүкчөсү (6)
бүгүлгөнүнө жол бербеңиз.
•
Иштетүү убагында илгичтерди кийим
илгичтерге (4) илип же кронштейнди (3)
колдонуңуз (сүр. 9).
•
Иштетип бүткөндөн кийин которгучту (10)
«OFF» абалына коюп, түзмөктү электр
тармагынан ажыратыңыз.
•
Кездеме кургап, муздаганына убакыт
бериңиз.
•
Илгичтерди (4) бүктөп, бекитмелерди
бирге басып, илгичтерди (4) бүктөп алыңыз
(сүр. 10).
Эскертүү
: Түзмөктүн токтоосуз иштегени
чамалуу 45 минутту түзөт. Сууну суу
чукуруна (9) толтуруп куюу которгучту
(10) «OFF» абалына коюп, түзмөктү өчүрүп,
электр тармагынан ажыратыңыз.
•
Кездеменен керексиз түктөрдү кетирүү
үчүн бууландыргычты өчүрүүнүн алдында
чаңдаткычка (1) щетка саптаманы (15)
орнотуңуз (сүр. 11).
•
Бууландыргыч муздагандан кийин тыгынды
(14) бурап чечип сууну төгүп алыңыз (сүр.
12), сууну төккөндөн кийин тыгынды (14)
ордуна орнотуп, саат багытынын тарабы
боюнча бурап бекитип алыңыз.
Парда менен эмеректин капталышын
кам көрүү
•
Пардаларды чечпей буулантсаңыз болот.
•
Калың кездемелер кошумча буулантканын
талап кылат.
•
Эмеректин капталышын буу щетка менен
тазалап, сырткы көрүнүшүн жакшыртсаңыз
дагы болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
•
Үтүктү тазалоонун алдында ал электр
тармагына кошулбаганын жана муздак
болгонун текшерип алыңыз.
•
Шаймандын корпусун (12) жумушак, бир аз
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин
кургатып сүртүңүз.
•
Щетка саптаманы (15) чаңдаткычтан
(1) чечип, суу агымынын астында жууп
алыңыз.
Көңүл буруңуз!
Чаңдаткычты (1) суу
агымынын астында жууганга тыюу салынат.
•
Эриткичтерди жана абразивдүү жуучу
каражаттарды колдонбоңуз.
Кебээрден тазалоо
•
Иштеп турган убагында чаңдаткычтын (1)
тешиктеринен буу чыгуусу кескин азайып
калса, буу камерасын пайда болгон
кебээрден тазалоону өткөзүү керек.
IM VT-2437.indd 25
13.11.2018 16:31:07