КЫРГЫЗ
22
кийин аны үч сааттан кем эмес
мөөнөткө үй температурасында
сактоо зарыл.
• Түзмөктү кутудан чыгарып, иштеге-
нине тоскоолдук кылган ар кандай
чаптамаларды сыйрып алыңыз.
• Түзмөктүн бүтүн болгондугун текше-
рип, бузулуулар бар болсо түзмөк
колдонбоңуз.
• Түзмөктү биринчи жолу иштеткенден
мурун түзмөктүн иштөөчү чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Оптималдуу жыйынтык алуу үчүн
чачыңызды шампунь менен жууп, кургак
сүлгү менен сүртүп, фен менен курга-
тып, тарап алыңыз. Андан соң жасало-
ону баштаңыз.
• Чачыңызды 4-5 см туурасындагы ту-
тамдарга бөлүңүз.
• Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
• Иштетүү/өчүрүү баскычын басыңыз
(3), бул учурда жылытуу температу-
расынын индикатору (6) 180°C жанат
жана бүлбүлдөйт, аба ионизаторун
(5) иштетүү индикатору жана аба
ионизаторунун чыгуу (10) жарыктан-
дыргычы жанат.
• Жылытуунун температурасын орнот-
уу баскычын ырааттуу басуу менен
(4) (°C) 160°C-180°C-200°C темпе-
ратуралык режимдеринин бирин
тандаңыз. Тандалган температура-
лык режиминин алдында тиешелүү
индикатор күйөт.
• Түзмөктү тегиз ысыкка чыдамдуу
беттин үстүнө түпкүчүнө (9) коюп,
ысытып алыңыз. Ысыгандан кийин
тандалган температуранын индика-
тору (6) тынымсыз күйөт. Түзмөк пай-
даланууга даяр.
• Чач жасалгасын моделдештирип
баштоонун алдында, иштеген пласти-
налардын тосмолоосун (8) чечиңиз,
ал үчүн түзмөктү туткасынан кармап
(2) бекиткичти (1) тирелип калгыча
саат жебеси боюнча бураңыз.
Көңүл буруңуз! Бекиткичтин (1)
бузулуусун алдын алуу үчүн электр
кыпчуурлардын тосмолонгон иште-
ген пластиналарын ачууга аракет
кылбаңыз. Иштеген пластиналар (8)
бекиткичтин (1) саат жебеси боюн-
ча буралуусунан кийин автоматтык
түрдө ачылат.
• Бош колуңуз менен чачтын бир тута-
мын кармаңыз.
• Чач тутамын иштөө пластиналардын
(8) арасына салып, аларды жабыңыз
(1-сүр.).
• Бир аз убакыт күтүп туруңуз жана чач
тутамын бошотуңуз (2-сүр.).
• Ушундай процедураны калган чачка
жасаңыз (3-сүр.).
Эскертүү:
– үзмөк иштеп турган убагында иш-
теген пластиналардын бетине
колуңуз менен тийбеңиз.
– Биринчи колдонгондо, иштеген пла-
стиналардан башкача жыт жана
бир аз түтүн чыгышы мүмкүн, бул
кадимки көрүнүш.
– Иштетүүнүн
тыныгууларында
түзмөктү тегиз ысыкка чыдам-
дуу беттин үстүнө, түпкүчкө (9)
орнотуңуз.
– Чачыңызды жасалгалоодон кийин
дароо тарабаңыз, муздаганына
убакыт бериңиз. Чачыңыз табигый
көрүнүшү үчүн чачтын чоң тутам-
дарын майдараак тутамдарына
акырын бөлүп алыңыз.
• Чачты моделдештирип бүткөндөн
кийин түзмөктү өчүрүңүз. Ал үчүн
иштетүү/өчүрүү баскычын (3) басып
2 секуддай кармап туруңуз, ошондо
бардык индикаторлор өчөт, Иштеген
пластиналарды (8) кысып, бекиткич-
ти (1) тирелип калгыча саат жебесине
каршы бураңыз.
• Тармактык шнурдун айрысын розет-
кадан сууруңуз.
• Түзмөктү толугу менен муздатыңыз.