24
КЫРГЫЗ
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
кармаңыз.
•
Шаймандын корпусун, электр шнурун жана сайгычын суу
колуңуз менен тийбеңиз.
•
Шайманды ваннага же суу толтурулган раковинага түшө
турган жерлерге салбаңыз, илбеңиз да ошол жерлерде
сактабаңыз, шаймандын корпусун, электр шнурун жана
кубаттуучу сайгычын сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз.
•
Ваннада киринген убакытта шайманды колдонбоңуз.
•
Шайман сууга түшкөн болсо, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана шайманды
суудан чыгарсаңыз болот.
•
Электр шнурдун жана сайгычтын бузулуулары бар болсо
шайманды колдонбоңуз.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары колдонулган
полиэтилен баштыктарды кароосуз таштабаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга уруксат
бербеңиз. Тумчуктуруунун коркунучу бар!
•
Шайман иштеген учурда балдарга шаймандын корпусун,
электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын тийгенге уруксат
бербеңиз.
•
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн балдарга көз
салыңыз.
•
Шайман иштеп турган учурда жанында балдар же
жөндөмдүүлүгү төмөн адамдар бар болгондо өзгөчө
абайлап туруңуз.
•
Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
•
Шайман иштеп турганда же иштөө циклдердин арасында
аны балдар жетпеген жерде сактаңыз.
•
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жагынан
жөндөмдүүлүгү төмөн (ошонун ичинде балдар да)
адамдар же колдонуу боюнча тажрыйбасы же билими жок
болгон адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна жооптууу
адам аларды көзөмөлдөп же инструкциялаган болбосо
колдонуу үчүн ылайыкташтырылбаган.
•
Уйкудагы абалда болсоңуз, шаймады колдонбоңуз.
•
Суу чачты же синтетикалык париктерди түздөтүү үчүн
колдонбоңуз.
•
Шайманды тутка жагынан гана кармаңыз. Шаймандын
корпусун иштөө пластиналар жагынан тийбеңиз.
•
Шаймандын ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга жана
башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийгенден абайлаңыз.
IM MW-2218_70x130.indd 24
05.12.2016 11:53:06