33
КЫРГЫЗ
• Чачыңыз боёлгон же химикалык түрдө тармалдаткан
болсо, шайманды кезек-кезек колдонуу кеңешилет.
• Эң жакшы натыйжа үчүн чач таза жана кургак
болуу зарыл.
• Түздөткүчтү ачыңыз, ал үчүн иштөө пластиналарын
(4) кысып, башкаруу баскычтарынын жагынан
бекитмесин (1) басыңыз.
• Шайманды тегиз, туруктуу жана ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына сайыңыз,
ошондо дисплейде (5) «OFF» белгиси пайда болот.
• Шайманды иштетиңиз, ал үчүн өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (2) басыңыз, ошондо дисплейинде (5)
жарыялабай коюлган иштөө пластиналарынын
«170°С» температурасы күйүп үлпүлдөп турат.
Эскертүү: Биринчи жолу иштеткенде ысытуу
элементинен башкача жыт чыгуу мүмкүн, бул
нормалдуу көрүнүш.
• Керек болсо, иштөө пластиналардын керектүү
температурасын баскычтары (3) аркылуу коюп
алыңыз.
Чачтын түрү
Температура
Бузулган, боелгон, ыраңы
кетирилген, жука
+130°С - +160°С
Нормалдуу
+160°С - +190°С
Профессионалдык жасамы үчүн
+190°С - +230°С
• Иштөө пластиналары коюлган температурасына
чейин жылыганда дисплейдеги (5) температуранын
цифралуу көрсөткүчтөрү үзгүлтүксүз күйүп турат.
• Тегиз таралган чачты туурасы бирдей (5 см жакын)
тутамдарга бөлүңүз.
• Чачтын бир тутамын пластиналардын (4) арасына
салыңыз.
• Шайманды туткасынан кармап, пластиналарды (4)
жабыңыз.
• Көп күчтү салбай, иштөөчү пластиналарды (4) чач
тутамдын учуна чейин өткөзүңүз.
IM VT-8400_70x130.indd 33
22.06.2017 14:40:21