
20
КЫРГЫЗ
•
Түзмөктү суу чачты же синтетикалык
париктерди түздөтүү үчүн колдонбоңуз.
•
Түзмөктүн ысык жактары бетиңизге,
моюнуңузга жана башка денеңиздин
бөлүктөрүнө тийгенден абайлаңыз.
•
Иштеп турган учурда түзмөктү ыссыктыктан
бузула турган беттерге, жумушак нерсеге
(мисалы, керебеттин же дивандын үстүнө)
салбаңыз, анын үстүн жаппаңыз.
•
Түзмөктү иштеткенде тармактык шнурун толук
узундугу менен жандырууну сунуш кылабыз.
•
Тармактык шнурун:
–
ысык буюмдарга тийгизбей;
–
учтуу кырлардын үстүнөн тартпай;
–
шайманды көтөрүү үчүн тутка катары
пайдаланбаңыз.
•
Тармактык шнурунун абалын мезгили менен
текшерип туруңуз.
•
Электр шнурунда, кубаттуучу сайгычында
бузулуулар пайда болсо, аспап иштеп-
иштебей турса же кулап түшкөндөн кийин аны
колдонууга тыюу салынат.
•
Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл
бузулуулар пайда болгон же шайман кулап
түшкөн учурларда аны розеткадан суруп,
кепилдик талонундагы же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордоштурулган
(ыйгарым
укуктуу)
тейлөө
борборуна
кайрылыңыз.
•
Бузуп албаш үчүн шайманды заводдон
чыгарылган таңгагында гана ташууга болот.
•
Шайманды балдар жана мүмкүнчүлүгү
чектелген адамдар жетпеген кургак салкын
жерлерде сактаңыз.
АСПАП
ТУРАК
ЖАЙЛАРДА
ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Төмөндөгөн температурада шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
•
Түзмөктү таңгактан чыгарып, иштегенине
тоскоолдук кылган ар кандай чаптамаларды
сыйрып алыңыз.
•
Электр шнурун толук узундугуна жандырып
алыңыз.
•
Шаймандын бүтүндүгүн текшерип алыңыз,
бузулуулар бар болсо шайманды иштетпеңиз.
•
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
ФЕНДИ ИШТЕТҮҮ
Шайманды иштеткенден мурун анын иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
•
Электр
шнурунун
сайгычын
электр
розеткасына сайыңыз.
•
Аба агымынын ылдамдуулугунун которгучу (1)
менен керектүү ылдамдуулукту таңдаңыз:
0 = фен өчүрүлгөн;
I = төмөн ылдамдык;
II = жогору ылдамдык.
•
Ысытуу деңгээлинин которгучу (2) менен
аба агымынын керектүү температурасын
таңдаңыз.
I = төмөндөгөн ысытуу
II = орточо ысытуу
III = максималдуу ысытуу
Иондор генераторун иштетүү/өчүрүү
Иондор генераторун иштетүү үчүн өчүргүчүн (7)
оң жагына которуңуз, ошондо индикатор (5) күйөт.
Иондор индикаторун өчүрүү үчүн өчүргүчүн (7)
сол жагына которуңуз, индикатор (5) өчөт.
Чачты кароо
Оптималдуу натыйжасы үчүн (кургатуу жана
жасалоонун алдында) чачты шампунь менен
жууп, ашыкча сууну кетирүү үчүн сүлгү менен
кургатып, тарап алыңыз.
Тез кургатуу
Которгучту (2) максималдуу ысытуу абалына (III
абалы) коюп, которгучу (1) менен аба агымынын
керектүү ылдамдыгын таңдап, чачты кургатыңыз.
Колуңуз менен же тарак менен чачтан ашыкча
сууну силкип, фенди чачтын үстүндө улам
жылдырып туруңуз.
Түздөтүү
Которгучту (2) максималдуу ысытуу абалына
(III абалы) коюңуз, которгучу (1) менен керектүү
аба ылдамдыгын таңдап, чачты алдын ала
кургатыңыз. Чачыңыз кургаганга жакын болгондо,
концентратор насадкасын (4) орнотуп, ысытууну
которгучу (2) менен жана аба ылдамдыгын
которгучу (1) менен азайтып алыңыз.
IM VT-8229.indd 20
04.09.2018 17:32:03