20
КЫРГЫЗ
•
Электр шайманын 8 жашка чейинки
балдарга колдонууга болбойт.
•
8 жаштан чоң балдар менен жөндөмдүүлүүгү
чектелген адамдар алардын коопсуздугуна
жооптууу адам аларды көзөмөлдөп же
аларга түзмөктү коопсуз колдонуу жана
аны туура эмес колдонуудан жаралган
коопчулуктары жөнүндө ылайыктуу жана
түшүнүктүү колдонмо берген учурда гана
бул түзмөктү колдонсо болот.
•
Шайманды электр тармагынан сурганда
аны шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармап абайлап розеткадан
чыгарыңыз.
•
Тармактык шнурунда же тармактык шнурдун
айрысында бузуктар болсо, шайман
тийиштүү түрдө иштебесе, жерге түшүп же
башка зыян келтирилсе же шайман сууга
кулап кеткен болсо тостерди колдонууга
тыюу салынат.
•
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
•
Ток урууну болтурбоо үчүн түзмөктү өз
алдынча ажыратууга аракет кылбаңыз;
түзмөктү текшерүү же оңдотуу зарылдыгы
болсо, автордоштурулган (ыгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз. Эң жакынкы
тейлөө борборунун дарегин www.vitek.ru
сайтында же кейпилдик талонунда тапсаңыз
болот.
•
Түзмөктү заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
•
Шайманды балдардын жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
ТҮЗМӨК ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИККЕ
КОЛДОНУУГА
ГАНА
АРНАЛГАН, КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА,
ӨНӨР ЖАЙ ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШЧУ
ТУРАКЖАЙЛАРДА КОЛДОНУУГА ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ! Тостер иштеп турганда
анын метал бөлгктөрү абдан ысыйт, аларды
тийбеңиз.
ЭСКЕРТҮҮ
•
Кысылып калган тостторду иштеп турган
тостерден колуңуз менен же металл
буюмдар менен эч качан чыгарганга аракет
кылбаңыз, себеби металл зат иштеп турган,
шыкалуусу бар ысык металл элементин
тийгени ток урууга алып келүү мүмкүн.
•
Тостерди өчүрүп, муздатып, андан кийин
гана ылайыктуу жыгач же пластик күрөкчөсү
менен тосттерди чыгарсаңыз болот. Бычак
же башка учтуу буюмдарды пайдаланбаңыз,
анткени алар менен ысыткыч элементтерге
зыян келтирилиши мүмкүн.
•
Күйүк болбоо үчүн шайман иштеп
турганда тостердин металл бөлүктөрүн
колуңуз же денеңиздин ачык жерлери
менен тийбеңиз.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарда шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл
.
–
Тостерди биринчи колдонуунун алдында
шаймандын
нормалдуу
иштегенине
тоскоолдук кылган таңгак материалдарын
алып салыңыз.
–
Түзмөктүн корпусунда жазылган чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
–
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц же 60 Гц болгон
алмашма ток тармагында иштөөгө арналган,
зарыл болгон ылдамдыгында иштегени үчүн
эч кошумча жөндөөнүн зарылдыгы жок.
–
Корпустун түбүндө электр шнурду түрүп
салуу жери бар (9). Тармактык шнурду
ылайыктап түрүп анын оптималдуу
узундугун табыңыз.
–
Тостторду салбай, тармактык шнурдун
айрысын электр розеткасына салыңыз,
кууруу деңгээлинин жөндөгүчүн (8)
«7» абалына коюп, калтегин (4) басып
шайманды иштетиңиз.
–
Биринчи
иштеткенде
ысытуучу
элементтердин сырткы катмары күйүп,
ошол себептен бир аз түтүн жана башка
жыт чыгуусу мүмкүн. Бул нормалдуу
көрүнүш.
–
Зарыл болсо, тостерди бир нече жолу
иштетиңиз.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
–
Тосттун куурулуу деңгээли анын калындыгы,
нандын түрү менен сапатына байланыштуу.
Өтө жука же өтө калың нан кесимдерин
колдонбоңуз, калыңдыгы 20 мм ашпаганы
зарыл.
IM VT-7160.indd 20
10/9/19 10:47 AM