
25
КЫРГЫЗ
•
Иштөө беттери (3, 4) ысып турган учурда
грильди ачпаңыз, жабык абалында иштөө
беттер бирдей жана тезиреек ысыйт.
•
Этият болуңуз: - иштеп турган учурунда
грильдин корпусу абдан ысыйт. Күйүк
болбогону үчүн ысык беттердитийбеңиз,
грильди ачканда, туткасынан (1) гана
кармаңыз.
•
Этият болуңуз, иштөө беттердин (3, 4)
арасынан чыккан буудан абайлаңыз.
•
Колуңузду же денеңиздин башка ачык
бөлүктөрүн иштөө беттерге (3, 4) жакын
кармабаңыз.
•
Шайманды тоңдурулган азыктарды эритүү
же бышыру үчүн колдонбоңуз.
•
Чоң сөөгү бар эт кесимдерин бышырбаңыз.
•
Бышыруу мөөнөтү колдонулган азыктарга
байланыштуу.
•
Азыктарды жегенден мурун алар толугу
менен куурулганын текшерип алыңыз.
•
Азыктарды грильден бышыруудан кийин
дароо чыгарыңыз, азыктар түзмөктө көпкө
чейин болгондо алар жалындап кеткенине
алып келүү мүмкүн.
•
Иштөө беттердин (3 жана 4) күйгүзбөс
катмарын буза турган учтуу металл
буюмдарын
колдонуп
даярдалган
азыктарды чыгарууга тыюу салынат.
Күйгүзбөс катмары бар идиштерге арналган
аксессуарларын гана колдонуңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Грильди ар колдонуудан кийин тазалап
туруңуз.
–
Азыктарды бышырып бүткөндө жөндөг-
үчүн (7) «OFF» абалына коюңуз, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан ажыратыңыз.
–
Иштөө беттерин (3, 4) толугу менен ачып,
шайманды имарат температурасына чейин
муздатыңыз.
–
Бекитмелерди (9, 10) басып, иштөө
беттерин (3, 4) биринин артына бирин
чечиңиз.
–
Иштөө беттерден (3, 4) азыктардын калдык-
тарын кетирип, иштөө беттерин (3, 4)
нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу
сууга жууңуз, андан соң жакшылап кургатып
алыңыз.
–
Грильдин корпусун бир аз нымдуу жумушак
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
–
Майды чогултуу идиштерден (5) майды
төгүп, идишти (5) нейтралдуу жуучу каражат
менен жылуу сууга жууп, жакшылап
кургатып алыңыз.
–
Иштөө беттерди (3, 4) ордуна коюңуз,
ал үчүн иштөө беттериндеги (3, 4)
чыгып турган жерлерин арткы бекитме-
лердин оюктары менен дал келтирип,
беттердин (3, 4) алдынкы жагын бекит-
мелери (9, 10) тырс эткенине чейин
басыңыз.
–
Иштөө беттерин (3, 4) жана грильдин
сырткы бетин тазалаганы үчүн абразивдүү
жуучу каражатарды, эриткичтерди жана
металл сүлгүлөрдү колдонбоңуз, себеби
алар күйгүзбөс катмарын же грильдин
тышкы бетин бузуу мүмкүн.
–
Шайманды, кубаттуучу сайгычы менен
электр шнурун эч качан сууга салбаңыз!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Ток урбас үчүн түзмөктү
сууга же башка суюктуктарга салбаңыз.
САКТОО
•
Шайманды сактоо жайына алып салуунун
алдында аны тазалап алыңыз.
•
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдар колу жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Гриль-пресс – 1 даана.
Май топтоочу идиш – 1 даана.
Колдонмо– 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу:
220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 1500 Вт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөн-
дөн кийин турмуш-тиричилик калдыктары
менен бирге таштабаңыз, шайман менен
азыктандыруучу элементти андан ары утили-
зациялоо үчүн адистештирлиген пункттарга
бериңиз.
IM VT-2630.indd 25
7/4/19 12:10 PM