21
КЫРГЫЗ
• Шайман иштеген учурда балдарга шайманды
жана электр шнурун тийгенге уруксат бербеңиз.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жа-
гынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичин-
де балдар да) адамдар же колдонуу боюнча
тажрыйбасы же билими жок болгон адамдар,
эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу адам
аларды көзөмөлдөп же нускамалоо болбосо
колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга урук-
сат бербеңиз.
Бул тумчугуунун коркунучун
жаратат!
• Щетка саптаманы түзмөк толугу менен музда-
ганда гана орнотуңуз же чечиңиз.
• Буулап үтүктөгүчтү тазалоодон мурун, тармак-
тык шнурун электр тармагынан сууруп, шайман
муздаганча күтө туруңуз.
• Буулап үтүктөгүчтү электр тармагынан өчүрүү
үчүн шнурунан тартпаңыз, сайгычын кармап ту-
руп сууруңуз.
• Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө
кызмат же аларга окшогон дасыккан кызмат-
керлер алмаштырууга тийиш.
• Шайманды өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Буулап үтүктөгүчтү өз алдынча оңдоп, чачуу-
га болбойт. Ал бузулуп калса же жерге түшүп
кетсе, аны электр тармагынан ажыратып, ке-
пилдик талонунда же www.vitek.ru сайтында
көрсөтүлгөн байланыш даректери боюнча кар-
дарларды тейлөө борборуна (ыйгарым укуктуу)
кайрылыңыз.
• Шайманды заводдон чыгарылган кутусунда
гана ташууга болот.
• Буулап үтүктөгүчтү узак убакытка чейин кол-
донбой турган болсоңуз, ичиндеги суусун төгүп
салыңыз.
• Буулап
үтүктөгүчтү
балдар
жана
мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жетпеген
жерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАН-
ДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА
ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТ-
ТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Шайман кандай максатта колдонулат
Буулап үтүктөгүч менен кездеменин каалаган
түрүнөн тигилген кийим-кеченин бырыштарын жа-
зып, эркектердин көйнөктөрү менен шымдарынын
кырларын чыгарууга болот. Кездеменин же кийим-
дин түрүнө жараша буулап үтүктөгүч кандайча кол-
донула турганын билбей жатсаңыз, кийим-кеченин
этикеткасын караңыз.
Эгерде андай маалымат жок болсо, кездемени ич
жагынан буулап үтүктөп көрүңүз.
Жибек же чийбаркыт сыяктуу кездемелерди ара-
лыктан буулап үтүктөңүз.
Кездемеден түктөрдү же жиптерди алып салуу
үчүн щетка саптамасын (1) пайдаланыңыз.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНООРДУН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температура-
да ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат кармап
туруп, анан иштетүү керек.
– Шайманды кутудан чыгарып, иштешине тоско-
ол болгон чаптамаларды алып салыңыз.
– Шаймандын электр чыңалуусу электр тарма-
гынын чыңалуусуна дал келерин текшерип
алыңыз.
– Буулап үтүктөгүчтүн корпусун бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатыңыз.
– (4) баскычын басып, суу куюлуучу жерди (5) чы-
гарып алыңыз.
– Суу куюучу тешигин ачыңыз. Чукурду (5) суу
менен толтуруп, суу куюучу тешигин жакшылап
жабыңыз. Корпустагы суунун тамчыларын кур-
гак кездеме менен сүртүңүз.
– Суу куюлуучу идишти (5) ордуна орнотуңуз.
– Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына
сайыңыз, ошондо электр тармагына кошулган-
дын индикатору
(8) күйөт.
– Иштетүү баскычын (7) басыңыз, түзмөк
ысып баштайт, ошондо буу берүүнүн төмөн
деңгээлинин
(9) индикатору
(8) күйөт
Түзмөк иштөөгө даяр, индикаторлор (9) менен
(10) үзгүлтүксүз күйөт.
– Бууландыргычты колуңузга алыңыз жана
аны буу берүүчү баскычтын (3) деңгээлинде
кармаңыз.
– Буу берүүнүн интенсивдүүлүгүн таңдоо үчүн (3)
баскычын улам басыңыз.
– Баскычты (3) бир жолу басуу - буу берүүнүн
төмөн деңгээли, индикатор (9) үзгүлтүксүз
күйөт.
– Баскычты (3) экинчи жолу басуу - буу берүүнүн
жогоруу деңгээли, индикатор (10) үзгүлтүксүз
күйөт.
– Баскычты (3) үчүнчү жолу басуу - буу берүү
өчүрүлгөн, индикаторлор (8, 9, 10) үзгүлтүксүз
күйөт.
– Буу камерасын тазалоо үчүн, чыгып жаткан бу-
уну ашкана сүлгүсүнө багыттасаңыз болот.
– Буулап үтүктөгүчтү колдонуп бүткөндөн кийин,
сайгычын электр тармагынан сууруп, үтүктү
муздатыңыз.
Содержание VT-2440
Страница 1: ...1 Garment Steamer Отпариватель 3 7 12 16 20 24 VT 2440 ...
Страница 2: ...1 3 4 5 2 11 10 9 7 6 8 ...