
27
КЫРГЫЗ
•
Тактарды лимон кычгылдыгын же ашкана
сирке менен кетирсеңиз болот.
•
Лимон кычкылдыгын же сиркенин даамын
кетирүү үчүн сууну кайнатып, төгүп алыңыз.
•
Процедураны суунун жыты же даамы кеткенге
чейин кайталаңыз.
Термопотту кебээрден тазалоо
•
Металл колбанын ичинде пайда болгон
кебээр суунун татымына таасир этип, суу
менен кайнатуу элементтин ортосундагы
жылуулук алмаштырууну бузат, бул анын өтө
ысыганына жана ал тезиреек бузулганына
алып келүү мүмкүн.
•
Кебээрди кетирүү үчүн 2:1 пропорциясында
ашкана сиркеси менен аралашкан сууну
«Макс» (15) деңгээлине чейин куюңуз.
•
Электр шнурдун штекерин (16) термопоттун
корпусундагы уясына (12), сайгычын (16)
болсо розеткага сайыңыз.
•
Термопот кайнатуу шарттамында иштеп
баштайт. Суу кайнап чыккандан кийин,
тармактык шнурдун сайгычын розеткадан
чыгарып, термопотту сирке эритмеси менен
бир түнгө калтырыңыз.
•
Эртең менен сирке эритмесин төгүп,
термопотту «Макс.» (15) белгисине чейин
суу менен толтуруп, сууну кайнатып төгүп
алыңыз.
•
Кебээрди чыгаруу үчүн электр чайнектерге
арналган атайы каражттарды колдонсо болот.
•
Зарыл
болсо,
термопотту
тазалоо
процедурасын бир нече жолу кайталаңыз.
САКТОО
•
Термопотту көпкө чейин сактоого алып
салуунун алдында аны электр тармагынан
ажыратып, шайманды муздатып, сууну төгүп
алыңыз.
•
Термопотту тазалап алыңыз.
•
Термопотту балдар жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдар жетпеген жерлерде
сактаңыз.
ЖЕТКИРҮҮНҮН ТОПТОМУ
Термопот – 1 даана.
Электр шнуру – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 750 Вт
Суунун максималдуу көлөмү: 4,2 л
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин
турмуш-тиричилик калдыктары менен бирге
таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу
элементти андан ары утилизациялоо үчүн
адистештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан
соң белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө,
турмуш-тирчилик калдыктарды утилизациялоо
кызматына же бул шайманды алган дүкөнгө
кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизайнин,
конструкциясын
жана
техникалык
мүнөздөмөлөрүн
алдын
ала
эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен
колдонмо менен шаймандын маанилүү эмес
айырмачылыктар болуу мүмкүн. Колдонуучу
ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө [email protected] электрондук почтасына
жазып, шаймандын жаңырланган версиясын
алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-1197.indd 27
01.08.2018 17:13:31