![Vitek VT-8446 VT Manual Instruction Download Page 34](http://html.mh-extra.com/html/vitek/vt-8446-vt/vt-8446-vt_manual-instruction_1036763034.webp)
34
КЫРГЫЗ
• Шаймандын ысык жактары бетиңизге, моюнуңузга
жана башка денеңиздин бөлүктөрүнө тийүүсүнөн
абайлаңыз.
• Шайманды иштетип бүткөндөн кийин өчүрүү/
күйгүзүү баскычын (2) басып туруңуз, дисплей (4)
өчөт, кубаттануучу сайгычын розеткасынан
чыгарыңыз. Шайманды муздатып алыңыз.
Эскертүү:
–
Шайманды колдонбогон учурларда аны ар дайым
өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз.
–
Электр тармагына туташтырылган шайманды
эч качан кароосуз калтырбаңыз. Сиз шайманды
өчүрүүнү унутсаңыз, ал 60 минутадан кийин
автоматикалык түрдө өчөт.
–
Сиз зулптарды дагы жасасаңыз болот, ал үчүн
чач тутамынын учун кыпчып, чачты шаймандын
сырткы жагына түрүп, бир аз күтүп, зулпту
шаймандан чечип алыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
• Шайманды тазалоонун алдында аны электр
тармагынан чыгарып, муздатып алыңыз.
• Шайманды сууга же башка суюктуктарга салганга
тыюу салынат.
• Шаймандын иштөө пластиналары менен корпусун
жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк менен сүртүп,
кургатып сүртүңүз.
• Буулатып тазалоо аспаптарды колдонбоңуз.
• Корпусту тазалоо үчүн абразивдүү жуучу
каражаттарды же эритүүчү суюктуктарды колдонууга
тыюу салынат.
САКТОО
• Шайманды колдонбогон учурларда аны ар дайым
өчүрүп, электр тармагынан ажыратыңыз.
• Аспапты сактоо жерине алып салгандын алдында
аны муздатып алыңыз.
• Электр шнурун шаймандын корпусунун үстүнө эч
качан түрбөңүз, себеби бул анын бузулуусуна алып
келиши мүмкүн.
IM VT-8446_70x130.indd 34
17.05.2017 11:47:12